3% жылдык үстөк акы менен турак жай алуу

«Байтерек девелопмент» ЭКСПО аймагындагы турак жайларды кайра сатыкка чыгарды. Батирдин баасын 12 жылга 3% жылдык үстөк акы менен бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү каралып жатат. Ал үчүн жок дегенде 20 пайыздык баштапкы төгүм болушу шарт. Өтүнмө тапшыруу үчүн өздүгүңдү тастыктаган документ жетиштүү.

ДМИТРИЙ КАПРАЛОВ, «БАЙТЕРЕК ДЕВЕЛОПМЕНТ» АК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ САТУУ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бардык объекттер экологиялык таза материалдардан салынган. Үйлөр өмүр сүрүүгө ыңгайлуу заманбап системалар менен толук камсыздалган. Бул электрондук байкоо, видеө көзөмөлдөө, керектөөлөрдү көзөмөлдөп, эсептей турган системалар.

Digital Baiterek порталы турай жай сатып алууга тиешелүү бардык жараяндардын ыңгайлуулугун жана ачыктыгын камсыз кылды. Жеке кабинет аркылуу сатып алуучу каалаган батир менен унаа туругун тандай алат. Керектүү документтер да ушул системада каралат. Сайтта төлөнө турган сумманы алдын ала эсептей турган атайын насыялык калькулятор бар.

ДМИТРИЙ КАПРАЛОВ, «БАЙТЕРЕК ДЕВЕЛОПМЕНТ» АК КЫЙМЫЛСЫЗ МҮЛКТҮ САТУУ ДИРЕКЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Сатып алуучу берген өтүнмөсүнүн кандай даражада экенин, аны ким карап жатканын көрө алат. Бул бардык жараяндын ачыктыгын камсыз кылат. Биз сатып алуучу менен документтерге кол коюу мезгилинде гана бетме-бет жолугабыз.

Бүгүнкү күнгө чейин Digital Baiterek порталы аркылуу кыймылсыз мүлк алууга кызыктар болгон жарандардан 1547 өтүнмө келип түшкөн. 146 батир ээсин таап, 103 унаа туругу сатылды. Жаңы өтүнмөлөр үстүбүздөгү жылдын бирдин айынын он бешинен баштап кабыл алына баштайт.