Казакстан каржы тартууга эффективдүү 40 өлкөнү белгилеп койду

Казакстан каржы тартууга эффективдүү 40 өлкөнү белгилеп койду

Казакстан өз экономикасына кошумча инвестиция тартууну көздөп жатат. Ушул мерчемделген максатты ишке ашыруу үчүн өлкөнүн тышкы иштер министирлиги инвесторлор менен иш алып баруунун жаңы системасын киргизүүнү колго алды. Азыр мекеме каржы тартууга эффективдүү 40 өлкөнү белгилеп койду. Алардын катарында Орусия, Кытай, Украина, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр бар. Серепчилер чийки заттык эмес тармактарга басымдуулук берилерин кошумчалашты. Ага тамак өнөр жайы, мунай жана газды терең иштетүү өндүрүшү, химия жана машина куруу тармагы кирди.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, КР БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Сырттан инвестиция тартууга ыңгайлуу деп таанылган экинчи топко маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, туризм жана каржы тармактары кирет. Булардын мүмкүнчүлүктөрү каржы салууга абдан эффективдүү болуп саналат. Инвесторлорго болушунча колдоо көрсөтүү көздөлгөн. Ушундай шарттарда өлкө экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу көздөлүп жатат.

2020-жылга карай Казакстанга тартыла турган инвестициянын агымын 2016-жыл менен салыштырганда 1,5 эсеге жогорулатуу каралууда. Серепчилердин пикиринде, өнүккөн мамлекеттердин инвесторлор менен жигердүү карым-катнашты орнотуусу сырткы рынокко ата мекендик өнүмдү чыгарууга мыкты түрткү болот. Бул багытта былтыр 54 миллиард доллардан ашуун өнүм экспорттолгонун белгилей кетүү керек.

БЕЙБИТ АТАМКУЛОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Бизге тармактык мекемелер менен биргеликте ата мекендик товар өндүрүүчү ишканаларды эл аралык стандарттарга ылайыкташтыруунуү комплекстүү колго алуу керек. Өнүмдүн сапаты менен бирге таңгактоо жагын да жолго салуу керек. Бул экспорттук товарлардын туруктуу ташуусун камсыз кылат.

Казакстан экономикасына сырттан каржы тартуу иши менен инвестициялык фонд алектенет. Аны түзүү үчүн 970 миллион доллар багыттоо көздөлгөн.