Казакстандык авто өнөр жай комплексинин өнүгүү 80 пайызга өстү

Казакстандык авто өнөр жай комплексинин өнүгүү 80 пайызга өстү

Казакстандык авто өнөр жай комплексинин өнүгүү жигердүүлүгү өткөн жылы 80 пайызды түздү. Серепчилер көрсөткүчтөрдүн өсүшүн санариптештирүү жараяны менен байланыштырып жатышат. Заманбап унаа куруу – өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку технологиялык сектору. Казакстандык заводдордо колдонулган кээ бир курал-жабдыктардын КМШ аймагында альтернативасы жок.

Өскемендеги машина куруу заводу – өсүп келе жаткан индустриалдык-инновациялык өнүгүү программасынын негизги долбоорлорунун бири. 16 жыл ичинде компания өндүрүш менен инфраструктураны жакшыртууга 489 миллион доллар инвестиция багыттаган. Анын 70 миллиону толук циклдүү жаңы заводду ишке кошууга жумшалат.

Костанайлык унаа өндүрүшү үчүн да өткөн он эки ай жемиштүү болду. Бүгүнкү күндө бул жерде куралган моделдердин саны өсүп, жаңы унаа түрлөрү өздөштүрүлгөн. Анын аркасында өндүрүштүк өсүш 203 пайызды түздү. Костанайда чогултулган ар бир онунчу автоунаа Орусияга, Кыргызстанга, Тажикстанга экспорттолот. Жакында Беларуска да алгачкы партия жиберилди. Аны менен катар, Азербайжан өлкөсү да мүмкүнчүлүгү жогору өнөктөш катары каралууда.

Оор техникаларды чыгаруу тармагында да өндүрүш көлөмү жогорулады. Ал акыркы 7 жылда 2,5 эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө Казакстанда айыл чарба техникасы жана жабдыктары, жүк машиналары, автобустар да куралат. Мисалы, коомдук унаалар Семейде чогултулат. Жергиликтүү завод жыл аягына чейин 500 автобусту конвейерден чыгарат.

АСЕМХАН ДОСКОЖАНОВ, ИШКАНАНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Ата мекендик автобустар менен камсыз кылуу боюнча комплекстүү программа кабыл алынды. Азыр бул ата мекендик автобустарды чыгара турган заводдорго чоң жардам болду.

Ал эми Көкшетаудагы заводдо жалпы салмагы 29 тонналык чиркемелер чыгарыла баштайт. Белгилей кетсек, өткөн жылы айыл чарба техникасын жасоо жана чогултуу боюнча ишкана 9 миллион доллардан ашуун өнүм чыгарган.

ОЛЕГ БАЛЫБИН, ИШКАНАНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Өндүрүшкө жаңы моделдерди киргизип жатабыз. Орусиялык өнөктөштөрүбүз менен бирге урук сепкичтерди чогулта баштадык. Ага жазда суроо-талап жогору болот.

Бүгүнкү күндө Казакстанда жасалган темир тулпарларга суроо-талап жогору. Тармакка ири инвесторлор кызыгып жатат. Алдыдагы эки жылда казакстандык авто өндүрүшкө бир миллиарддан ашуун доллар инвестиция багытталат.