Казакстанда чакан жана орто ишкердикке 100 миллиард теңге бөлүнөт

Казакстанда чакан жана орто ишкердикке 100 миллиард теңге бөлүнөт

Чакан жана орто бизнес менен алектенгендердин бизнесин колдоого 100 миллиард теңге бөлүнөт. Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, насыялоодо иштетүүчү өнөр жай, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү жана өндүрүү, ошондой эле, кызмат көрсөтүү тармагындагы долбоорлорго басым берилет. 2025-жылга карай экономикадагы чакан жана орто бизнестин үлүшү 35 пайызга чейин көбөйтүлүшү керек.

ТИМУР СҮЛЕЙМЕНОВ, КР УЛУТТУК ЭКОНОМИКА МИНИСТРИ:

- «Бизнестин жол картасы – 2020» программасынын алкагында ушул каражаттан бериле турган насыяларды арзандаттуу максатында сыйакынын бир бөлүгүн субсидиялоо көздөлгөн. Мындан сырткары «Бизнестин жол картасы – 2020» программасын 2025-жылга чейин узартуунун алкагында каржылык колдоонун куралдарын жакшыртуу иши да каралган. Тандоонун башкы талаптарына жогорку өндүрүштүк жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүк кирет. Эффективдүүлүгү төмөн ишкердиктерге колдоо көрсөтүлбөйт. Бул экономикалык жактан жогорку эффективдүүлүккө жетүүгө жол ачат.

Аны менен катар, чакан жана орто бизнести каржылык эмес колдоо аракеттери жакшыртылды. Белгилеп айтканда, окутуу программасында ІТ-сервистерди колдонуу жана бизнес үчүн жаңы санариптик чечимдерди колдонуу боюнча адистештирилген курстарды жүргүзүү мерчемделген.