Казакстандык экспорттун көлөмү 26 пайызга өстү

Казакстандык экспорттун көлөмү 26 пайызга өстү

Казакстандык экспорттун көлөмү 26 пайызга өстү. Ал 55 миллиард долларды түзүүдө. Бул 2018-жылдын 11 айынын корутундусу. Бул тууралуу өлкөнүн Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги билдирди. Экспорттун мындан ары өнүгүшүнө агро өнөр жай тармагы түрткү болот деп күтүлүүдө. Белгилей кетсек, Казакстан зыгырды экспорттоо боюнча дүйнө жүзүндө биринчи орунга чыкты. Буурчак, рапс жана кой буурчак ири аймакка себилип, экспорт көлөмү өсүп жатат. Эл аралык рыноктордо казакстандык эттин үлүшү да өсүүдө. Алардын экспорту 2 эсеге көбөйдү. Ушул жылы чет өлкөгө 25 миң тонна эт жөнөтүү пландалган. Айрыкча Кытай тарабынан кой этине суроо-талап жогору. Алар казакстандык кой этине жогору баа биришкен.

САГЫНЖАН АПАКАШЕВ, КАРАГАНДЫ ОБЛУСУНУН АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул бизге кошумча рынокту берет. Ошондой эле ал келечекте койдун санын көбөйтүүгө жана колдонулбаган жайыттарды колдонууга мүмкүнчүлүктөрдү берет. Айыл чарбага кошумча инвестиция тартылат.

Казакстандын чыгышында да этти экспортко чыгарууга багытталган ири долбоорлор ишке ашырыла баштады. Аягөз жана Семей шаарларында кубаттуулугу жылына 30 миң тонна этти иштетүүгө жөндөмдүү болгон комбинат пайда болот. 2018-жылы аймак чет өлкөгө 228 тонна эт жөнөткөн. Алардын 132 тоннасы Өзбекстанга, калганы Орусияга жиберилген. 2019-жылы бул көрсөткүчтү бир жарым миң тонна даяр эт өнүмдөрүнө жеткирүү мерчеми бар. Жергиликтүү ишкерлер Өзбекстан жана Орусиядан башка, Кытайдын рыногун өздөштүрүүнү көздөшүүдө.

Түркестан облусунда да экспорттук көрсөткүчтөр жогору. Өткөн жылы ушул жерден 3 миллион тонна жашылча, картошка жана башка бакча өсүмдүктөрү чогултулган. Бул республиканын жалпы үлүшүнүн  43 пайызы. 500 миң тоннага жакын айыл чарба өнүмдөрү Орусия, Беларусь, Латвия жана Германия өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Белгилей кетсек, аймактагы интенсивдүү бакча 3 миң гектарга жетти. Алардан  жүз миң тоннадан ашуун мөмө-жемиш чогултулган. Жалпы 2018-жылы аймакта айыл чарба өсүмдүктөрдүн аянттары 2017-жыл менен салыштырганда көбөйгөн. Ал 813 миң жарым гектарды түзүп жатат.

НУРБЕК БАДЫРАКОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБАНЫН БАШКАРМАЛАГЫНЫН  БАШЧЫСЫ:

- Жаңы технологияларды трансферлөө аркасында, 7174 гектар аймакта тамчылатып сугаруу усулу колдонулду. Жалпы тамчылатып сугаруу 65 миң гектарды ээлейт. 181 гектар аймакта күнөсканалар ачылды, эми алардын жалпы аймагы 65 миң гектар. Жаңы технологияларды өздөштүрүү боюнча биз өлкөдө лидербиз.

Айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн келечеги бар. Азыркы тапта агро өнөр жайлык комплекс товарларынын экспорту көч башында эмес. Экспорттун көрүнүктүү үлүшү мурдагыдай эле баалуу кен байлыктарга тиешелүү. Казакстан чет өлкөгө металл жана химия өнөр жайлык өндүрүшүн аз жөнөтөт. Өткөн жылы ата мекендик өндүрүштүн негизги сатып алуучулары Италия, Кытай, Нидерланды, Орусия жана Украина өлкөлөрү болду.