Индустриалдык аймактардын мүмкүнчүлүктөрү

Индустриалдык аймактардын мүмкүнчүлүктөрү

1250 жаңы ишкана. Казакстанда индустриалдаштыруу жылдарында дал ушунча завод ишке кошулган. Мунай өндүрүү менен бирге өлкөдө иштетүү өнөр жайы да өнүгүүдө. Өлкө башчысынын тапшырмасы боюнча бул багытка 500 миллиард теңге каражат бөлүндү. Каржылай колдоого ички рынокто гана эмес, чет өлкөлөргө да өз өнүмдөрүн жөнөтүүнү көздөгөн ишканалар ээ болду. Жалпы иштетүү тармагынын өндүрүш көлөмү 2017-жыл менен салыштырганда 3 эседен ашуун өсүш көрсөткөн. Көрсөткүч 9 жарым триллион теңгеге жетип жатат. Ал эми быйыл иштетүү өнөр жайындагы эмгек өнүмдүүлүгү 40 пайызга чейин өсөт деп күтүлүүдө.

Иштетүү тармагындагы ийгиликтүү долбоорлордун бири – Кызылордо аймагындагы тампонаждуу күлбото чыгаруу заводу. Ишкана бештин айында кытайлык өнөктөштөр менен бирге ишке кошулган. Бул жерде жылына 1 миллион тонна күлбото өндүрүү мерчемделүүдө. Завод өнүмү курулуш, мунай-газ жана уран өнөр жайында колдонулат. Бир сөз менен айтканда, алдыга коюлган мерчем масштабдуу.

Ал эми Караганды аймагында 30дан ашуун ири инвестициялык долбоор ишке ашырылууда. Анын ичинде – жаңыртуудан ийгиликтүү өткөн күн электр станциясы, катоддук жез өндүрүү заводу, машина куруу ишканасы, алтын чыгаруу фабрикасы да бар. Ишканалардын аркасында өлкө экономикасына 470 миллиард теңге каражат тартуу мүмкүн болду. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча аймактагы өнөр жай өндүрүш көлөмү 2 жарым триллион теңгеден ашкан. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 250 миллиардга көп.

АРМАН НУРМАГАНБЕТОВ, КАРАГАНДЫ ОБЛУСТУК ӨНӨР ЖАЙ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Пландарга келе турган болсок, 2019-жылы өнөр жай 4,5 пайызга же 2,7 триллионго өсөт. Болот өндүрүшү 4 миллион тоннадан ашуун, жез өндүрүшү өткөн жылга караганда 50 миң тоннага  көп болот. Жалпы өнөр жайды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу оң ыргакка ээ. Мындан сырткары биз 500 миллиард теңге көлөмүндө инвестиция тартууну көздөп жатабыз. Жалпы Караганды облусунун өнөр жайлык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруу иштери уланууда.

Машина куруу тармагынын натыйжасы да көңүл жылытарлык. 7 жылдын ичинде өндүрүш көлөмү 2 жарым эсеге өстү. Ар бир экинчи жеңил же жүк унаасын ата мекендик өндүрүүчүлөр жасаган. Мисалы, 2018-жылы костанайлык унаа заводу 12 миңден ашуун унаа чыгарган. Жалпы суммасы 80 миллиард теңге.  Костанайда чогултулган темир тулпардын 90 пайызын казакстандыктар сатып алышкан. Ата мекендик унааларды жергиликтүү жашоочулар өз керегине жаратып жатышат. Ал эми чет өлкөгө болжол менен 1 миллиард теңгелик унаа экспорттолгон. Орусия, Кыргызстан, Тажикстан өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн. Беларусь өлкөсүнө да алгачкы партиясы экспорттолду. Азербайжан рыногу да караштырылып жатат. 2019-жылы заводдо 20 миңден ашуун унаа куроо көздөлүүдө. Анын 1 жарым миңи чет өлкөлөргө жөнөтүлөт.

СЕРГЕЙ МОГИЛАТОВ, АВТОЗАВОДДУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү моделдер желесинин кеңейүүсү жана жаңы унаа түрлөрүн болушунча өздөштүрүүгө таасир берет. Негизги рынок Орусия болуп кала берет. Чек арага чейин 170 чакырым бар. Челябинск, Екатеринбург сыяктуу шаарлар бар.

Акыркы жылдары Казакстан 500дөн ашуун жаңы өнүм чыгара баштады. Алар ушуга чейин өлкөдө таптакыр өндүрүлгөн эмес. Товарлардын 50 түрү дүйнөнүн 110 өлкөсүнө экспорттолот. Алардын катарында Кытай, Орусия, Борбор Азия жана Евробиримдик өлкөлөрү да бар.