Мунай-газ тармагынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Мунай-газ тармагынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

2020-жылы Казакстан мунай-газ тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн Хьюстондогу адистештирилген конгрессте тааныштырат. Аталган иш-чарага даярдыктар тууралуу Астанада өткөн Дүйнөлүк мунай кеңешинде талкууланды. Белгилей кетсек, бул иш-чара Казакстанда 2-жолу өтүп жатат. Бул жерде 30 өлкөдөн эң ири мунай холдингдеринин өкүлдөрү жолугушат. Республика биринчи жолу аталган чоң иш-чараны 2012 -жылы өткөргөн.

ТАЛГАТ КАРАШЕВ, KAZENERGY ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Аталган конференция аркылуу биз өлкөнүн инвест климаты тууралуу кенен айтып берүүнү көздөдүк. Былтыр кабыл алынган Жер кендери жана аны иштетүү Кодекси, Салык Кодексин эске алдык. Дал ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып биз Дүйнөлүк мунай кеңешинин мүчө-өлкөлөрүнө өлкөбүздүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн баяндап, аталган тармакка көбүрөөк инвестиция тартууну мерчемдедик.

Инвестиция геологиялык чалгындоо иштерине да тартылат. Казакстанда өндүрүлүп жаткан мунайдын 80 пайызы өлкөнүн эң ири  Карачаганак, Тенгиз жана Кашаган кен жайларына туура келет. Серепчилердин айтымында, алардын кору 10 жылга жетет. Бирок, өлкөгө жаңы кен жайлар керек. Серепчилер, мыйзамдагы өзгөрүүлөр аталган тармакка кошумча каржы тартууга жана ири эл аралык компанияларды кызыктырууга мүмкүнчүлүк түзөт, деген ишенимде.

РУСТЕМ КАБЖАНОВ, KAZENERGY МУНАЙ-ГАЗ ТАРМАГЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Жаңычылыктардын бири – жер астын иштетүү боюнча укукка аукциондорду өткөрүү. Бул компанияларга кайда бара жатышканын түшүндүрөт. Аталган иш-аракет жер астын иштетүүгө укук алуудагы ачык вариант. Бул жерде укук алууга ат салышып жаткан компаниялар  өз пландарын так иштеп чыгууга өбөлгө болуп бере алат.

2025-жылы Казакстанда жылына 100 миллион тонна өндүрүү көздөлүп жатат. Эл аралык энергетикалык агенттиктин божомолу боюнча, 2023-жылга чейин адамдардын “кара” алтынга болгон суроо-талабы жети миллион баррелге чейин өсөт. Аны менен катар, анын төрттөн бир бөлүгү мунай-химиялык өнөр жайында колдонулат. Аталган багыт Казакстандагы эң келечектүү тармактардын бири.