ЕӨЖКБ Казакстандагы чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылайт

ЕӨЖКБ Казакстандагы чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылайт

Эл аралык каржы уюмдары Казакстандагы чакан жана орто бизнестин долбоорлорун каржылоо масштабын кеңейтти. Ошондой колдоого ээ болгон Акмола облусунун Косшы айылындагы эмерек өндүрүшү заманбап технологияларды колдонуп, табити жогору керектөөчүлөрдүн суроо-талабын канааттандырып жатат. Жаңы ыкмалардын аркасында бул жерде өндүрүштүн өздүк баасы арзандатылып, жумуштун эффективдүүлүгү жогорулаган.

НУРЗАТ БЕКЕНОВ, ЦЕХТИН БАШЧЫСЫ:

- Цехибиз толук автоматташтырылган. Бир жерден башкарылат. Бардык станокторго смс түрүндө кабарлама келет. Операторлор ошол тапшырманы ачып, иштөө оңой болот. Мурда бир мүнөттө бир тактай кессек, азыр бир мүнөттүн ичинде жаңы станоктор менен 5 тактайды бир кесүүгө болот.

Жумуш жараяны төмөндөгүдөй: тапшырык алынып, компьютерде эсептелет. Өлчөмү, көлөмү аныкталгандан кийин даярдала баштайт. Алгач тактай кесилип, ар тарабы жабыштырылат.

ЖЕҢИС АЛМУХАМЕДОВ, ЦЕХтин КЫЗМАТКЕРИ:

- Бул тактайдын лентасы жабыштырылгандан кийин акыркы станокко коюлат. Бул жерде эмеректин акыркы иштери жасалат. Бул көзөгүч – кошумча станогу. Мисалы, бул жерде буюмга сүйрү форма берсе болот, ал эми МДФ фасаддардын бетине оймо-чиймелерди тартууга болот.

Бул долбоорго Европанын өнүгүү жана кайра куруу банкы колдоо көрсөтүп жатат. Каржы уюмунун серепчилери Казакстанда чакан ишкердиктин өнүгүү жигердүүлүгүн оң баалашат.

БРУНО БАЛЬВАНЕРА, БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА ЕКӨБ АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз экинчи деңгээлдеги банктар аркылуу чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтөбүз. Жалпы ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду караштырабыз. Айрыкча, жеңил өнөр жайга көңүл бөлүп жатабыз. Ошондой эле айыл чарба жана курулуш багыттарына колдоо көрсөтүүгө маани берүүдөбүз.

Каржы уюму былтыр Казакстанга 541 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү инвестиция багыттаган. Бардыгы 26 долбоор каржыланган.