Ата мекендик авто өнөр жайынын экспорту

Ата мекендик авто өнөр жайынын экспорту

Ата мекендик өнөр жай экспорт рыногун кеңейтет. Алдыдагы убакытта унааларды коңшулаш Өзбекстанга жөнөтүү мерчемделүүдө. Азыркы тапта унаа өндүрүүчүлөр өз өндүрүштөрүн Кытай, Орусия, Беларусь жана Тажикстан өлкөлөрүнө жөнөтөт. Серепчилердин айтымында, экспортту өнүктүрүү үчүн атайын камсыздандыруу жана мамлекеттик субсидияны колдонуу керек. Бул ата мекендик компаниялардын атаандаштыкка туруктуу болушуна шарт түзөт.

ЕРБОЛ СЕЙПИЛОВ, КАЗАКСТАН АВТОБИЗНЕС АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТЕХНИКАЛЫК ЖОЛ-ЖОБОЛОШТУРУУ БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

- Биз 2017-жылдын аягы, 2018-жылдын башында негизги динамикалык көрсөткүчтөргө жеттиштик деп айтууга болот. Анткени бул мезгилде 2 миңден ашуун унаа экспорттолгон. Азыркы тапта унаа өндүрүүчүлөр жаңы рынокторду караштыра баштады. Экспортту жогорулатууга өлкөлөрдүн ортосундагы эл аралык байланыш таасир берди. Ошондой эле компаниянын тышкы маркетингдик стратегиясынын да ролу жогору. Азыркы тапта ата мекендик өндүрүүчүлөр чыгарган темир тулпарларын ички рынокко да, тышкы рынокторго да сата алат. Анын аркасында өндүрүлө турган унаалардын саны да жогорулай түштү.

2018-жылы өлкөдө 32,3 миң унаа чыгарылган. Ата мекендик өндүрүүчүлөр жеңил, жүк унаалар, автобустар, атайын техника, трейлер жана жарым чиркемелерди жасашат. Алардын жалпы суммасы 205,95 миллиард теңгеге жетет.