Казакстанда Дүйнөлүк соода борбору курулат

Казакстанда Дүйнөлүк соода борбору курулат

Эл аралык серепчилердин пикиринде, Астана бүткүл Евразия континентинин борборуна айлана алат. Алар соода-экономикалык байланышты кеңейтүүдө шаардын стратегиялык мааниси жогору дешет. Алдыдагы убакытта Астанада Дүйнөлүк соода борбору курулат. Ал 2 гектар жерди ээлейт. Бийиктиги 150 метр болгон долбоордун жалпы наркы 200 миллион долларды түзөт. Комплекс толук чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен каржыланат. Нью-Йорк, Амстердам, Токио, Сеул жана Дубай сыяктуу шаарларда World Trade Center имаратынын дүйнөлүк желелери бар. Эми бул шаарлардын катарына Астана да кошулат.

КЕННЭТ БРЮС ДЖЕЙМС АНДЕРСОН, АРХИТЕКТОР-ДИЗАЙНЕР:

- Курулушу мерчемделип жаткан жаңы объект шаардын көрүнүктүү имараттарынын бирине айланат деп ойлойм. Анын туристтер жана жергиликтүү жашоочулар үчүн өзгөчө кызыктуу болору талашсыз. Долбоор боюнча ар тараптуу өнөктөштүк орнотууга даярбыз. Болушунча  колдоо көрсөтөбүз.

Бул борборду салуу боюнча келишимге Өлкө башчысынын Бельгияга болгон иш-сапарында кол коюлган. Жыл сайын башкы шаардын көркүнө көрк кошулуп жатат. Алдыдагы убакытта Астанада дагы бир катар архитектуралык объект курулат деп күтүлүүдө. Сак жоокеринин баш кийиминин үлгүсүндөгү Евразиялык борбор имараты алардын катарында. Анын курулушу быйылкы жылдын аягында башталат.