ЕКӨБ Борбор Азиянын аймактык алакалашуусун колдойт

ЕКӨБ Борбор Азиянын аймактык алакалашуусун колдойт

Европалык кайра куруу жана өнүгүү банкы Борбор Азиянын алакалашуусун колдойт. Банктын аймактагы аткаруучу мүдүрүнүн айтымында, өлкөлөр экономикасын диверсификацияга багытталган долбоорлор менен аймакта өлкөлөрдүн ортосундагы инфраструктура жана логистиканы өнүктүрүүгө терең маани берилүүдө. Бул багытта “Бир кур – бир жол” демилгесин ишке ашыруу маанилүү, дейт Бруна Балванер. Анын алкагында Кытай жана Европаны аймак өлкөлөрү аркылуу байланыштыруу көздөлгөн. Банктын аймактагы аткаруучу мүдүрү өлкөлөрдүн саясий күч-аракеттерин жана мамлекет аралык байланышты бекемдөө жолундагы кадамдарын белгилеп өттү.

БРУНО БАЛВАНЕРА, ЕКӨБнын БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Биз Борбор Азия аймагынын мүмкүнчүлүктөрү жогору деп санайбыз. Алдыдагы убакытта өлкөлөр болушунча өнүгөт. Борбор Азиядагы экономикалык өсүш биздин банк иштеген башка аймактарга караганда алда канча жогору. Бул көрсөткүч жыл сайын 4 пайызга жетет. Ал эми башка өлкөлөрдө 2-3 пайыз чамасында. Быйыл биз Борбор Азия аймагына 20-30 пайызга ашык инвестиция багыттоону мерчемдеп жатабыз. Көптөгөн тармактар камтылат.