Казак-Түрк ишкерлер палатасы ачылат

Казак-Түрк ишкерлер палатасы ачылат

Казакстандын ишкердик топтору Түркия менен арго өнөр жай, азык-түлүк, курулуш жана тоо-кен өнөр жай тармактары боюнча тажрыйба алмашууга даяр. Ушул максатта эки тарап Астана жана Стамбул шаарларында бириккен ишкерлер палатасын ачууга кызыктар болуп жатышат.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, «АТАМЕКЕН» УЛУТТУК ИШКЕРЛЕР ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Астанада түрк серепчилери иш алып барышат жана түркиялык ишкерлерге өз бизнесин өнүктүрүүгө жардам беришет. Ал эми Стамбулда казакстандык серепчилер өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп, казакстандык ишкерлерге Түркияда өз бизнестерин өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Бул инвестиця, соода-сатык жана технологиянын өнүгүшүнө мыкты түрткү берет.

Анкарадагы жолугушууда тараптар өндүрүштүк аймактар менен ишканаларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

АБЗАЛ САПАРБЕК УУЛУ, КАЗАКСТАНДЫН ТҮРКИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстандык компаниялар өздөрүнүн инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн Түркиядан өздөрүнүн өнөктөштөрүн издештирүүдө. Өз кезегинде, түрк ишкерлери өздөрүнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу үчүн Казакстанга кандай товарларды экспорттоо керек экенин караштырып жатышат. Экинчи максат, ушундай соода өнөктөштүктүн аркасында Казакстанда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду бекемдөө. Биринчи кезекте соода өнөктөштүк, андан кийин инвестициялык өнөктөштүк.

Түркия өлкөсүндө бир катар казакстандык компания кызмат көрсөтөт. Ал эми, Казакстанда Түркиянын 2 миңге жакын компаниясы иштейт. Эми боордош мамлекет өлкөнүн өндүрүштүк аймагын өнүктүрүүгө өз салымын кошот.

ОРХАН АЙДЫН, ӨНӨР ЖАЙЛЫК АЙМАК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биз үчүн Казакстан эң маанилүү өлкөлөрдүн бири. Азыркы байланышты, эки жактуу кызматташтыкты күчөтүшүбүз керек. Өнөр жайлык аймагыбыз өлкөбүздүн эң маанилүү борборлорунун бири. Коргоо тармагынан баштап медицинага, жол курулушунан баштап текстилге чейинки өнүмдөрдү чыгара турган дүйнөнүн ар бир бурчунда өнөктөш ишкерлерибиз бар.

Жолугушуунун аягында тараптар бул жыйын менен чектелбестен, алдыдагы убакытта байма-бай жолугушуп турууга келишишти. Көп тармакта бекем байланышты орноткон боордош өлкөлөр ушундай шарттарда  өнөктөштүктүн чек арасын кеңейтүүгө жигердүү киришет. Белгилей кетсек, Казакстан менен Түркия мамлекеттеринин ортосундагы соода жүгүртүү көлөмү 2018-жылы 1 миллиард 900 миллион долларды түзгөн.