Быйыл Курык порту аркылуу 2,5 миллион тонна жүк ташылат

Быйыл Курык порту аркылуу 2,5 миллион тонна жүк ташылат

Быйыл Курык деңиз порту аркылуу 2,5 миллион тонна жүк ташуу мерчемделүүдө. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 1 миллион тоннага көп. Эки жыл мурун ишке кошулган Казакстандын экинчи деңиз порту өлкөнүн транзиттик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга алгылыктуу салым кошууда. Бүгүнкү күндө порттон Казакстандын гана эмес, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн товарлары Европага ташылып жатат.

ТАЛГАТ ОСПАНОВ, КУРЫК ДЕҢИЗ ПОРТУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- 2018-жыл Курык порту үчүн өтө жакшы жыл болду. Өлкө башчысынын катышуусу менен Курык портунда автомобиль курамы ачылды. Көптөгөн чет өлкөдөн, Азербайжан, Түркмөнстан, Орусиядан өнөктөштөрүбүз келип порттун ачылышына катышып, оң бааларын берип кетишкен. 2018-жылы ташуу көлөмү 2017-жылга караганда 10 пайызга көп болду. Ал 1 миллион 610 миң тонна.

Курык портундагы автомобиль турагы жылына 20 миң унааны кабыл алууга жөндөмдүү. Ошондой эле, эки темир жол турагы иштеп жатат. Ар бири күнүнө 50 вагон жүк бата турган төрт чоң кемени кабыл алып, жөнөтө алат. Вагондор көпүрөдөн өтүп, асма араба аркылуу кемеге жүктөлөт. Былтыр ушул паромдук комплекс аркылуу 210 кемеге жүк жүктөлгөн.

 АЗАТ БАЛЫКБАЕВ, ЭКСПЕДИТОРДУК БӨЛҮМҮНҮН АДИСИ:

- Мен экспедитордук бөлүмдүн адисимин. Ушул жерде жүргүнчүлөр менен айдоочулардын документтерин жол-жоболоштурабыз. Бардык иштер автоматтык түрдө жүрөт.

Курык порту – Транскаспий эл аралык унаа коридорунун эң маанилүү бөлүгү. Порттун башчылары алдыдагы убакытта башка порттор менен да байланышты бекемдөөнү көздөп жатат. Ушул жылдын аягына чейин Иран жана Түркмөнстан өлкөлөрүнө жүк ташыла баштайт. Ушундай шарттарда жылдык кубаты 6 миллион тоннаны түзгөн Курык порту кийинки жылдары толук кубаты менен ишин баштайт.