2018-жылы Казакстан аймагынан 19 миллион тонна транзиттик жүк өттү

2018-жылы Казакстан аймагынан 19 миллион тонна транзиттик жүк өттү

2018-жылы Казакстан аймагынан 19 миллион тонна транзиттик жүк өттү. Рекорддук көлөмдөгү көрсөткүч өлкөнүн ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар берет, дешет серепчилер. Кытай жана Евробиримдик сыяктуу эки ири рыноктун ортосундагы Казакстан жүк транзити аркылуу пайда таба алат. Адистердин айтымында, бул үчүн керектүү инфраструктура түзүү керек. Дал ошол кезде гана Кытай - Европа логистикалык байланыштыруучу ролун аткарууга болот. Азыркы тапта товарлардын көпчүлүгү Кытайдан Түштүк жолу менен жөнөтүлөт. Башкача айтканда, Инди, Тынч жана Атлантика океандары аркылуу 40-45 күндө жетет. Ал эми кургактык менен Казакстан аркылуу өтө турган жол, убакытты 3 эсеге кыскартат. Багыттын артыкчылыгы муну менен чектелбейт, дешет адистер.

ЗЕЙНОЛЛА АХМЕТЖАНОВ, КР ИИӨМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Казакстан бул жүктөрдүн деңиз аркылуу эмес, кургактык аркылуу жөнөтүлүшүнө өзгөчө көңүл бөлүүдө. Ал түндүк жол менен Казакстан, Кытай, Орусия, Беларусь жана Европа аймагы аркылуу өтөт. Экинчи жол Каспий деңизи менен Азербайжан, Грузия, Кара деңиз аркылуу Европага кетет. Аба унаасына караганда, Казакстан аркылуу темир жол менен жүктү 2-3 эсеге тезирээк жана 10 эсе арзаныраак жеткирүүгө болот.

Логистикалык жана унаалык инфраструктураны өнүктүрүү жигердүү жүрүп жатат. Казакстандык порттордун жалпы кубаттуулугу жылына 26 миллион тоннага жетет. Автоунаа жолдору да жигердүү түрдө салына баштады. Аларды салып, калыбына келтирүүгө мамлекет 1 триллион теңге бөлгөн. Быйыл 24 долбоор боюнча иш уланат.

ЕРЖАН ТЕЛЕУХАН, КР ИИӨМ АВТОУНАА ЖОЛДОР КОМИТЕТ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жылдын жыйынтыгы боюнча 600 чакырым жолдо кыймылды ачуу мерчемделүүдө. 1,7 миң чакырым жол оңдолду. Бизде негизги 6 эл аралык-транзиттик коридор бар. Анын үчөө толук ишке кошулду. Калган үч жолдо иш уланып жатат. 2020-жылы бардык эл аралык транзиттик коридорлордо кыймыл камсыздалат деп мерчемдеп жатабыз.