Казакстан Германиядагы «Жашыл жума» көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатат

Казакстан Германиядагы «Жашыл жума» көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып жатат

Казакстан Германиядагы «Жашыл жума» эл аралык айыл чарба көргөзмөсүнө катышууда. Ага 10 ата мекендик компания өз товарын койду. Жалпы масштабдуу иш-чарага дүйнөнүн 65 мамлекетинин өндүрүүчүлөрү өз өнүмдөрүн сунуштады. Уюштуруучулар иш-чара жаңы өнөктөштөрдү таап, өлкөнүн таанымдуулугун арттырууга чоң мүмкүнчүлүк берет, дешет.

БОЛАТ НҮСИПОВ, КРнын ГЕРМАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Мындай иш-чараларга катышуу маанилүү. Анткени бул алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга мол мүмкүнчүлүк берет. Биринчиден, айыл чарба комплексине немис инвестициясын тартууга жол ачса, экинчиден, ата мекендик өнүмдөр экспортун арттырууга таасирин тийгизет.

МИХАЭЛЬ ШТЮБГЕН, ГЕРМАНИЯ АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН ПАРЛАМЕНТТИК СТАТС-КАТЧЫСЫ:

- Быйыл көргөзмөгө Казакстандын катышып жатканына абдан кубанычтамын. Бул алдыдагы убакытта да уланат деп ишенем. Биздин жашоочулардын көбү сиздердин товарларды жакшы көрөт. Өзүм бүгүн кызыгып кымыздын даамын татып көрдүм. Абдан жакты. Жалпы Казакстандын айыл чарбасынын мүмкүнчүлүгү жогору. Биз ушул тармактагы кызматташтыгыбызды мындан ары уланта беребиз.

«Жашыл жумага» казакстандык товар өндүрүүчүлөр тыкыр даярданышкан. Көргөзмөгө жент, курут, халвадан баштап атактуу казакстандык шоколадга чейин коюлган. Шубат менен балык да бар. Бирок конокторду өзгөчө таң калтырганы бээ сүтүнөн жасалган шоколад болду. Кантсыз өнүмдү көпчүлүк уникалдуу товар деп жатышат.

САЛТАНАТ ТӨЛЕКОВА, КӨРГӨЗМӨНҮН КАТЫШУУЧУСУ:

- Адамдар шоколадды көрүп, даамын татып жыргап жатышат. Бул чындыгында да өзгөчө өнүм. Мындай шоколад дүйнөнүн бир да өлкөсүндө жок. Ал бизде гана бар.

АЯН ЕРЕНОВ, КАЗАКСТАН  ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Ата мекендик товарларга суроо-талап жогору экенин көрүп жатабыз. Евробиримдик керектөөчүлөрүнө органикалык негизин сактаган өнүмдү сунуштадык. Биздин эсеп боюнча бул жерде казакстандык өнүмдү алгысы келген 20 миңге жакын керектөөчү ар түрдүү компания бар. Алардын көбүнүн Евробиримдик менен иштөө тажрыйбасы мол.

«Жашыл жума» - дүйнөдөгү эң байыркы көргөзмөлөрдүн бири. Ал 1926-жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл көргөзмөгө дүйнөнүн булуң-бурчунан 100 миң өнүм алып келинди. Казакстан абройлуу иш-чарага быйыл биринчи жолу катышып жатат.