Ата мекендик экспортту өнүктүрүү

Ата мекендик экспортту өнүктүрүү

Ата мекендик өнүмдү сырткы рынокко чыгаруу – басымдуу багыттардын бири. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча иштетилген өнүмдү жеткирүү боюнча 73 экспорттук келишим түзүлду, дейт Тышкы соода палатасындагылар. Алардын жалпы суммасы – 457 миллион доллар. Келишим-шарттардын суммасы боюнча бул көрсөткүч 2017-жылдагыдан 2 жарым эсеге көп. Ал эми келишим–шарттардын саны бир жарым эсеге өсүп жатат. Бул чет өлкөлүк соода миссиялары менен эл аралык профилдик көргөзмөгө катышуунун аркасында мүмкүн болду.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КР ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча чийки заттык эмес казакстандык өнүм экспорту 12 миллиард теңгеге жетти. Биринчиден, тоо кен өнөр жайы, металл өнүмү, рельстер, шпал, металл түзүлүштөрү сыяктуу өнүмдөрдү белгилеп өтүүгө болот. Ошондой эле, ун, эт, кондитердик өнүм сыяктуу азык-түлүк өнөр жайынын да мүмкүнчүлүктөрү жогору. Биздин өнүм негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Кыргызстан, Өзбекстан сыяктуу ЕАЭБ өлкөлөрү менен өнөктөштүктү орноттук.

Азыркы тапта Казакстанда 1800гө жакын экспортчу бар. Алардын 450сү чийки заттык эмес товар өндүрүүчүлөр. Быйыл аларды тышкы рынокко чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Соода миссиялары да уланат. Алардын алкагында Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Монголия, Кытай, Ооганстан жана Түркияга баруу көздөлүүдө. Аны менен кошо, экспортчуларга арналган бирдиктүү электрондук портал түзүү иши уланат.

НУРАЛЫ БӨКЕЙХАНОВ, КР ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Порталга ар түрдүү өлкөлөрдүн 10 миңден ашуун чет өлкөлүк стандарты киргизилет. Башкача айтканда, биздин ишканалар келечектүү рыноктор тууралуу керектүү маалыматты бир жерде топтой алат. Бул порталда рынок көлөмү, логистикалык багыттар, каптамага коюла турган талаптар, сертификациялоо жана сактоо боюнча маалымат алуу мүмкүн. Бир сөз менен айтканда, экспортчуларга арналган бирдиктүү маалыматтык база калыптандырабыз.

Ошондой эле, быйыл эл аралык тажрыйбага таянып, Орусия, Кытай, БАЭ, Иран жана Борбор Азия өлкөлөрүндө 10 чет өлкөлүк соода бөлүмүн ачуу көздөлүүдө. Алар жергиликтүү ишканаларга өз өнүмдөрүн өткөрүүгө, чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташтык орнотууга колдоо көрсөтөт. Ошондой эле керектүү маалымат менен камсыз кылат.