Германия Казакстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Германия Казакстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт

Германия Казакстанды экспорттук мүмкүнчүлүгү жогору өнөктөш катары караштырат. Немис ишкерлери менен инвесторлору бул пикирлерин Берлинде өткөн жолугушууда айтышты. Жемиштүү жыйында тармактык министрликтин өкүлдөрү Казакстандын айыл чарбасынын өнүгүшү, мамлекеттик колдоо жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу баяндап беришти.

ПЭР БРОДЕРЗЕН, НЕМИС АЙЫЛ ЧАРБА БИРИМДИГИНИН МҮДҮРҮ:

- Жолугушууда Казакстандын айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, аны өнүктүрүүгө кантип катыша аларыбызды караштырдык. Эки мамлекет ортосунда тыгыз кызматташтык орногон. Казакстан Германия үчүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жогору, маанилүү рынок.

Жолугушууда Казакстан аймактарында мерчемделген долбоорлор да тааныштырылды. Мисалы, Түндүк аймактын башчылыгы немис ишкерлерин буудайды терең иштетүү заводунун курулушуна катышууга чакырды.

АЙДАРБЕК САПАРОВ, ТКО АКИМИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Жолугушуу жогорку деңгээлде өттү. Отурумдан кийин жергиликтүү компаниянын башчылары келип, биздин облуста кандай долбоорлорду ишке ашыргысы келе тургандыгы боюнча бөлүштү. Мисалы, тоок фабрикасын салгысы келет. Дагы бир инвестор жыгач иштетүү ишин баштоону каалайт. Биз немис өнөктөштөрүбүзгө бардык шарттарды түзүүгө даярбыз.

Германия компанияларынын өкүлдөрү Казакстан рыногуна кызыгып, өз технологиясы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин белгилешти.