Транскаспий багыты менен жүк ташуулар жогорулайт

Транскаспий багыты менен жүк ташуулар жогорулайт

Транскаспий багыты менен жүк ташуу көлөмү жыл сайын өсүүдө. Кытайдан Европага жана кайра кайтуу багыттагы транзит жолунда Казакстан маанилүү муун болуп табылат. Кытай Эл Республикасынын түндүк-чыгышында жайгашкан Ляньюньган портундагы казакстандык терминалдын геостратегиялык мааниси жогору. Дүйнөдөгү эң ири деңиз портторунун биринде иштеген биргелешкен терминалда акыркы үч жылда 8 миллион жүк кабыл алынып, жөнөтүлгөн.

ЛЮ БИН, КАЗАКСТАН-КЫТАЙ ЭЛ АРАЛЫК ЛОГИСТИКАЛЫК КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Максатыбыз - казакстандык логистика аркылуу экономиканы алдыга жылдыруу. Бүгүнкү күндө Кытай-Европа багытында товарлар жөнөтүлөт. Казакстандын буудайы Ляньюньган аркылуу Түштүк-Чыгыш Азияга жөнөтүлүп жатат. Алдыдагы убакытта Казакстандан ташылып жаткан өнүмдөрдүн түрлөрү жана көлөмүн жогорулатууну караштырып жатабыз. Буудай гана эмес, уй эти, тоок эти ташылат.

Ляньюньгандагы казакстандык жүк терминалы ата мекендик өндүрүүчүлөргө логистикалык чыгашаларды арзандаттууга мүмкүнчүлүк берет. Муну дан ташуучулар пайдаланып, жаңы рынокторго чыга алышат.

ДАРXАН ЕСЕНГУЛОВ, ЭЛ АРАЛЫК ТАШУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Ушул жерге жеткизилген данды башка контейнерлерге жүктөйбүз. Вьетнамга дан жөнөтөбүз. Келечекте жеткирүү рынокторун Индонезия, Малайзия, Корея жана Жапония өлкөлөрү менен кеңейтүү оюбузда бар. Өзүбүз жөнөткөн контейнерлерди бошотуп, ага башка жүк жүктөп, Казакстанга жөнөтөбүз.

Казакстан эл аралык терминалдар желесин мындан ары кеңейте берет. Бул стратегиялык маанилүү милдет, дешет адистер. Республика аймагында инфраструктура түзүү жетишсиз. Аны транзиттик ташуулардын дүйнөлүк системасына бириктирүү маанилүү.