2020-жылы «Актау-Бейнеу» авто жолу аркылуу 30 миң тоннадан ашуун жүк ташылат

2020-жылы «Актау-Бейнеу» авто жолу аркылуу 30 миң тоннадан ашуун жүк ташылат

Казакстандын транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууда авто жолдордун алган үлүшү басымдуу. 2020-жылга карай «Актау-Бейнеу» авто жолу аркылуу 30 миң тонна жүк ташылат. Эскерте кетсек, маанилүү унаа коридору «Нурлы жол» программасынын алкагында ишке берилген. Трасса Орусия менен Өзбекстанды да байланыштырат.

КАЖЫМУРАТ СҮЙЕБАЕВ, «КАЗАВТОЖОЛ» КК" АК МАҢГЫСТАУ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Мурда унаалар 2-3 күн бою жол жүрсө, азыр 1 күндүн ичинде багындыра алышат. Каспий жана коңшулаш Атырау, Чыгыш Казакстан жана Актөбө облустарынын  жол байланышы жакшырып, каттам жеңилдей түштү.

Актау-Бейнеу жолу республикалык «Актау-Бейнеу-Атырау» багытынын бир бөлүгү. Аймакты кесип өткөн 592 чакырым кайра калыбына келтирилди.

СЕРИК ДИЛЖАНОВ, АЙДООЧУ:

- Азыр жол жакшырды. Мурда Атырау, Бейнеуге жетүү үчүн көп убакыт кетчү. Азыр болгону 3-4 саатта барабыз. Мурдагыдай эмес. Жол абдан жакшы жана тегиз. Бул унаалар үчүн да жакшы.

Эски жолду жаңыртуунун аркасында унаа кыймылынын саны өстү. «Актау – Жетибай» багыты менен гана күнүнө 10 миңге жакын унаа өтөт. Анын басымдуу бөлүгү  жүк унаалары. Өлкөнүн башка аймактары менен бирге Кытай, Өзбекстан жана Кыргызстандын транзиттик товарлары ташылат.