Кытайдын жүгү Европага Казакстан аркылуу 2 жумада жетет

Кытайдын жүгү Европага Казакстан аркылуу 2 жумада жетет

Казакстандын Курык деңиз порту аркылуу ташылган жүк транзитинин көлөмү өсүп жатат. Өткөн жылы аталган порт аркылуу 1 миллион 335 миң тонна жүк жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бул мультимодалдык комплекс Каспий аймактык өлкөлөрүн бириктире турган портко айланат. Ал жерде эки тарапта темир жол менен унаа туруктары бар.

РУСЛАН ТАЙМАНОВ, КУРЫК ПОРТУНДАГЫ ПАРОМ КОМПЛЕКС КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Кардар бир гана жолу төлөйт. Бул мультимодалдык ташуу системасы болгондуктан эффективдүү. Сиз унаа түрүн тандап, товарыңызды жөнөтөсүз. Андан ары кандай жеткирүү боюнча ойлонбойсуз.

Транскаспий эл аралык унаа багытынын мүмкүнчүлүктөрү жогору багыттардын бири – Азербайжан. Ал жерден товарлар Түркияга, андан кийин Батыш Европа, Улуу Британия жана АКШга жөнөтүлөт.

РАХМЕТОЛЛА КУДАЙБЕРГЕНОВ, «ТРАНСКАСПИЙ ЭЛ АРАЛЫК УНАА БАГЫТЫ» ЭК БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Бүгүнкү күндө товарлар Кытайдан Италияга, Казакстандан Мерсинге ташылат. Биздин өлкөдөн ташыла турган негизги өнүмдөрүбүз буудай, жасмык, буурчак сыяктуу дандуу өсүмдүктөрдүн ар түрдүү сортторун түзөт.

Бул товарлар жүк поезди менен Кытайдан Хоргоско, ал жерден Курык портуна жөнөтүлөт. Кийин паром Каспий деңизи менен Азербайжанга багыт алып, темир жол аркылуу Түркия, Грузияга жөнөтүлөт.

ДЖАВИД ГУРБАНОВ, АЗЕРБАЙЖАН ТЕМИР ЖОЛДОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Биз сыяктуу деңизге чыга албаган мамлекеттер порттор менен соода чекиттерин бириктирүүгө кызыктар. Ушундай шарттар аркылуу дүйнөлүк рынокту багындырабыз.

Ушул жылдан баштап Курык портунан жүктөр Иран менен Түркмөнстан өлкөлөрүнө да жөнөтүлөт. Жалпы Казакстандын гана эмес, бүткүл Чыгыш жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн товарлары Хоргос менен Курык, Азрейбайжан жана Түркия өлкөлөрүн кесип, Европага жол тартат. Товарларды ташууга кеткен убакыт эки айдан 12-15 күнгө кыскарат.