Казакстандык автоунаа өндүрүшү 2 эсеге өстү

Казакстандык автоунаа өндүрүшү 2 эсеге өстү

Казакстандык автоунаа өндүрүшүнүн көлөмү 2018-жылы эки эсеге өстү. Ата мекендик заводдордун конвейерлеринен отуз эки миңден ашуун техника чыккан. Бүгүнкү күндө машиналардын бардыгынын 30 пайызга жакыны жергиликтүү бөлүктөрдөн кураштырылганын белгилей кетүү керек. Кийинки жылы бул көрсөткүчтү 50 пайызга жеткирүү көздөлүүдө.

АНДРЕЙ ЛАВРЕНТЬЕВ, КАЗАКСТАНДЫН АВТОБИЗНЕС АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Жергиликтүү курам өскөн сайын, теңгеге которгондогу унаанын баасы болушунча туруктуу болот. Эгер казакстандык курам 50 пайызга жетсе, автомобилдин баасы 10-12 пайызга арзандайт.

Казакстандык автоунааларга болгон суроо-талап да өскөн. Өлкөдө жүргөн беш унаанын төртөө Казакстанда чыгарылган. Жалпы, акыркы үч жылдын ичинде Казакстанда чогултулган автомобилдердин жалпы көлөмү 17ден 49 пайызга чейин өскөн. Ата мекендик өнүмдөргө болгон суроо-талаптын өсүшү – өнүмдүн жогорку сапаты жана жеткиликтүүлүгүнө көз каранды. Акыркы шарттарда жеңилдетилген насыялоо да таасирин берип жатат. 

КАДЫРОЛЛА ЖУМАГУЛОВ, АВТОУНАА КУРАШТЫРУУ ЗАВОДУНУН МҮДҮРҮ:

- Экинчи деңгээлдеги банктар жалпы суммасы 8 миллиард теңгеден ашкан 1700 насыя берүүгө жетишкен. Бөлүнгөн каржынын өзү 8 миллиарддан ашып түштү. Бул программанын эффективдүүлүгүнөн кабар берет. Башкача айтканда, жарандардын насыяны кайтаруу көрсөткүчүнүн жогору экенин көрсөтөт жана ал каржы программаны каржылоого кайтып жатат.

Казакстандык автоунаа өндүрүш тармагы чет өлкөлүк инвесторлордун кызыгуусун жаратууда. Салынган каржы көлөмү да андан кабар берет. Алдыдагы эки жылда ата мекендик автомобиль өндүрүшүнө бир миллиард доллардан ашуун каржы тартылат.