Өзбекстанда биринчи борбор азиялык экономикалык форум өтөт

Өзбекстанда биринчи борбор азиялык экономикалык форум өтөт

Өзбекстанда биринчи борбор азиялык экономикалык форум өтөт. Ири эл аралык окуя ушул жылдын жаз айларына мерчемделген. Ага Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан өкмөттөрүнүн башчылары катышат деп күтүлүүдө. Форум бизнес ассоциация менен аймак бийлиги ортосунда диалог орнотууга себеп болот. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүндө өндүрүлө турган товарлардын тышкы рынокко чыгарылышына жагдай түзүлөт.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИСИ:

- Бул иш-чара Борбор Азия өлкөлөрү жетекчилеринин консультативдик жолугушуусунун алдында өтөт. Экономика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланат. Аймак өлкөлөрүнөн сырткары, башка өлкөлөр менен да мыкты өнөктөштүк орнотуу маселеси да ортого салынат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлер кабинет башчыларынын жолугушуусунун алкагында коопсуздук менен экономикалык байланыш да сөз болот. Иш-чара бардык Борбор Азия аймагына оң таасирин тийгизет, дейт Казакстандагы Өзбекстандын элчиси Саидикрам Ниязходжаев.

САИДИКРАМ НИЯЗХОДЖАЕВ, КАЗАКСТАНДАГЫ ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛЧИСИ:

- Бул жолугушуу бизге өнөктөштүгүбүздү бекемдеп гана койбостон, азыркы тапта пайда болуп жаткан жаңы коркунучтарга туруштук берүүнүн уникалдуу ыкмасын даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Казакстан-Өзбекстан байланышы аймактагы ич ара эффективдүү өнөктөштүккө далил боло алат. Мисалы, өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 40 пайызга өскөн. Көрсөткүч 2 жарым миллиард АКШ долларына жетип жатат. Өлкөлөр бул байланышты мындан ары бекемдөөгө кызыктар. Өз ара сооданы дагы 40 пайызга жогорулатуу көздөлүүдө.