Жибек жолунун «Супер желеси» долбоору

Жибек жолунун «Супер желеси» долбоору

«Жибек жолу өлкөлөрүнүн супер желеси» долбоору Борбор Азия мамлекеттерин «жашыл» электр энергияны ташуучу негизги экспортчуга айландырат. Мамлекет аралык энергетикалык программанын катышуучулары жүктөлгөн кубат булактарын Кытай, Жапония, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнө жеткизе алат. Бул демилге «Бир кур, бир жол» долбооруна катышуучу мамлекеттерди толук камтыйт деп көздөлүп жатат. Ушундай шарттарда өсүп келе жаткан энергия талап кылуучуларынын суроо-талабын болушунча камсыз кылып, кубат таңкыстыгын сезип жаткан жеке аймактардагы маселелерди чечүү көздөлүүдө. Серепчилердин пикиринде, Казакстан бул демилгеде маанилүү ролду аткарышы толук мүмкүн.

ЕЛДОС АБАКАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК УЮМДАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Долбоордун башкы көздөгөн максаты Корея, Кытай, Европа өлкөлөрүнөн баштап жашыл энергетика багытында өнөктөштүктү бекемдөө. Демилге жогорку чыңалуудагы желе курулушун колго  алууну көздөп жатат. Казакстан өзүнүн географиялык жайгашуусунун өзгөчөлүгүнө ылайык альтернативалык кубат көздөрүн өндүрө турган жолтоосуна айланышы мүмкүн. Өлкө ичинде керектөөдөн ашкан жашыл энергияны башка да рынокторго ташууга өтө ыңгайлуу жерде турабыз.

Серепчилердин божомолу боюнча, долбоор сырттан келген алгылыктуу инвестицияны тартып, заманбап  технологияларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тармак жаңылыктары менен жаңы долбоорлорду талкуулай турган эл аралык аянт түзүлөт. Ушуга кошо күчтү бириктирүүчү Париж климаттык келишиминин ишке ашуусуна себеп болот. Эскерте кетсек, азыр «Silk Road Super Grid» (Силк РоУд Супер Грид) долбоору Монголияда өнүктүрүлүп жатат. Ага чейин Орусия, Кытай, Жапония жана Түштүк Корея өлкөрүнүн адистери тартылган. Азыркы тапта ушул аймакта кубаты жети миң чакырымга чейин ташыла турган жогорку чыңалуудагы желелер тартылууда.

САЛТАНАТ РАХИМБЕКОВА, «ЖАШЫЛ» ЭКОНОМИКАНЫ КОЛДОО КОАЛИЦИЯСЫНЫН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАЙЫМЫ:

- Ушул долбоордун алкагында Азиялык аймактык өлкөлөрүндө супер желенин системасы бар деп айтылган. Мисалы, Гоби чөлдүү аймагында баасы 5 центтен ашпаган электр энергиясы өндүрүлөт. Азыр ал жерден Кытай өлкөсү кубат сатып алат. Энергия желелер аркылуу жөнөтүлгөндүктөн  өздүк баасы өсүп, 10 центке чейин жетет. Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө энергия жеткирүү тажрыйбасы калыптанган, анын тажрыйбасын изилдеп өзүбүзгө киргизе алабыз.

Супер желе долбоорун ишке кошуунун натыйжасында импортчу өлкөлөрдө курчаган чөйрөгө көмүр кычкыл газы менен булгай турган ишканалар азайып, экспортчулар альтернативалык энергия булактарын өнүктүрөт деп күтүлүүдө.