Казакстанда ишке ашкан долбоорлордун жалпы наркы 1 триллион теңгеден ашты

Казакстанда ишке ашкан долбоорлордун жалпы наркы 1 триллион теңгеден ашты

Өткөн жылы Казакстанда 100дөн ашуун ишкана ачылды. Бул өлкөдөгү индустриалдык-инновациялык өнүгүү программасынын жемиши. Анын алкагында бир нече химиялык, машина чогултуу, азык-түлүк менен курулуш материалдарын чыгара турган өндүрүш очоктору колдонууга берилди. Ар бир аймакта завод-фабрикалар курулду, ишке ашкан долбоорлордун жалпы наркы бир триллион теңгеден ашты.

СЕРИК АСЫЛБЕК, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КОМИТЕТИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Жалпы индустриялдаштыруу картасынын акыркы бир жылдын ичинде ишке ашкан долбоорун талдай турган болсок, Казакстан рыногунда 500дөн ашуун жаңы өнүм түрлөрү пайда болду. Ошондой эле 50дөн ашуун жаңы төл товарларыбызды экспортко чыгаруу мерчемделип жатканын өзгөчө белгилеп өткүм келет.

Бул ишкананын кубаты жылына 2 миллион тонна кен өндүрүүгө жөндөмдүү. Анын ишке кошулуусу казакстандык алтын өндүрүшүн жылына 85 тоннага чейин жеткизүүгө себеп болот.

ЮРИЙ ОВЧИННИКОВ, ТОО-КЕН ӨНДҮРҮШ ИШКАНАСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Жаңы тоо-кен байытуу комплекси салынды. Ишкана толук кандуу заманбап технология, акыркы үлгүдөгү орнотмолор менен жабдыкталган. Жылына болжол менен 10 тонна алтын концентраты өндүрүлөт.

Ошондой эле былтыр темир жол курулушуна керектүү материалдар чыгара турган завод өндүрүш жолуна коюлду. Өнүмдүн үчтөн эки бөлүгүн экспорттоо көздөлүп жатат. Ишкана ушуга кошо вагон оңдоо заводдорун кошумча бөлүктөрү менен камсыз кылат. Индустриялдаштыруу картасынын аркасында машина чогултуу тармагы ата мекендик экономиканын жигердүү өнүгүп келе жаткан тармагына айланууда. Акыркы 7 жылдын ичинде тармактын өндүрүш көлөмү 2,5 эсеге өскөндүгү байкалат. Өлкөдө сатылган ар бир экинчи унаа жергиликтүү ишканалардын үлүшүнө тиешелүү.

СЕРИК АСЫЛБЕК, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН КОМИТЕТИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Үчтүн айынын бирине чейин 283 долбоор ишке ашырылуусу керек. Алардын жалпы баасы 6 триллион теңгени түзөт. Ошондой эле 30 миңге жакын жумуш оруну түзүлөт.

Жалпы 2010-жылдан бери үзгүлтүксүз ишке ашып келе жаткан жигердүү индустриялдаштыруу программасынын алкагында 8 триллион теңгелик 1250 ишкана ачылды. Жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн өнүмү дүйнөнүн 110 өлкөсүнө жөнөтүлүп жатат.