Чыгыш Казакстан облусу жыгач өнүмдөрүн экспортко чыгарууга кызыктар

Чыгыш Казакстан облусу жыгач өнүмдөрүн экспортко чыгарууга кызыктар

Чыгыш Казакстан облусу жыгач өнүмдөрүн экспортко чыгарууга кызыктар. Аймактын 3 жарым миллион гектарын токой ээлеп жатат. Ошентсе да, алардын 90 пайыздан ашууну өсүп турганына 40 жылдан ашып жатат. Өндүрүш көлөмүн эмерек жасоого жараксыз ушундай жыгачтардын эсебинен арттыруу көздөлүүдө.

РИФАТ ИЛЬЯСОВ, ӨСКЕМЕН ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ММ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз азыр токой фондунун эсебин жүргүзүп жатабыз. Бизде жетилген жана абдан куураган өсүмдүктөр 2 миллион 600 миң кубометрди түзүп жатат. Анын ичинде түзүп турган өсүмдүктөр жарым миллиондон ашат. Бул токойдун картайып бара жатканын билдирет, башкача айтканда, аны жигердүү иштетүү жумуштарын колго алуу керек.

Бул заводдо өндүрүшкө жараксыз токой жыгачтарынан жылына 16 миң кубометр жыгач–кырынды такта өндүрүлөт. Даяр өнүмдүн 30 пайызын ишкана ээси Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстанга өткөрүп турат.

 ВИКТОР ВОРОБЬЕВ, ЖЫГАЧ ИШТЕТҮҮ ЗАВОДУНУН МҮДҮРҮ:

- Биздин өндүрүш жайынын өзгөчөлүгү таптакыр эч нерсеге жараксыз жыгачтарды гана колдонгонубузда. Ишканабыз жанданып жатат. Жамаатта 130 адам эмгектенет.

Бүгүнкү күндө аймакта токой жыгачтарын иштетүүгө багытталган 57 чакан ишкана бар. Ошентсе да, бул токойго бай өлкө үчүн абдан аз, дешет адистер.

АРМАН ЕСЕНТАЕВ, ОБЛУСТУК ТАБИГЫЙ РЕСУРСТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бизде жыгач  иштетүү менен алектене турган ишканалар жок эмес. Бирок көрүнүктүү деңгээлде эмес. Кытайдын эмерек жасоо компаниялары бизде ушул өндүрүштү өркүндөтүүгө кызыктар болуп жатышат. Керек болсо фабрика салуу тууралуу да ойлору бар.

Жыгач иштете турган ири өндүрүш жайы ишке кошулса токой да жандана түшөт. Мисалы, ишкер 1 гектар жердеги жыгачты кесип алганы үчүн, эки эсе көп көчөт отургузушу керек. 2030-жылдан баштап облуста жылына 3 жарым миң гектар кылкан-жалбырактуу жыгачтар отургузулат.