Казакстанда эт кластери өнүктүрүлүүдө

Казакстанда эт кластери өнүктүрүлүүдө

Казакстанда эт кластери өнүктүрүлүүдө. Серепчилердин айтымында, бул жараян абдан ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Былтыр Костанай облусунун фермерлери бир жарым миң тоннага жакын эт экспорттогон. Мындан башка алар чет өлкөдөн 2 миңге жакын асыл тукумдуу ири кара малын алып келди. Буга ар түрдүү мамлекеттик программалар себеп болгон.

ТӨЛЕУТАЙ ЕРЖАНОВ, АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Азыркы тапта биздин аймакта 80 миң баш тукумдук ири кара мал бар. Алардын 30 миңи төлдөөчү мал. Тукумдук малды өстүрүү менен аймакта 24 чарбачылык иш алып барат. Алынган төл облус жана облустан сыртка сатылат.

Жамбыл облусундагы Кордай айылында эт иштете турган ишкана ата мекендик рынокто гана эмес, чет өлкөдө да суроо-талапка ээ. Жылдык өнүмдүүлүгү 6 жарым миң тонна. Ишкананын иштеп жатканына болгону 1 жыл болду.

ГҮЛМИРА АБДИЖАПАРОВА, ИШКАНАНЫН ТЕХНОЛОГУ:

- Күнүнө 80 баш, ири кара мал болсо күнүнө 150 баш өндүрө алабыз. Эң биринчи, биз коопсуздук менен сапатка өзгөчө маани беребиз. Бул үчүн бизде санитардык көзмөлдөө каралган.

АЛЕКСАНДР БАХАНЦОВ, ИШКАНАНЫН БАШКЫ ИНЖЕНЕРИ:

- Экспорттолгон өнүмдүн көлөмү 60 тонна. Койлор негизинен Бахрейнге жөнөтүлөт. Азыркы убакытта Кытай жана Бириккен Араб Эмирликтери менен тиешелүү келешимдер түзүлүүдө. Орусия менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Планыбыз масштабдуу деп айтууга болот.

Экспортту өнүктүрүү үчүн Жамбыл облусунда ири кара малдын санын көбөйтүү көздөлгөн. 2018-жылы коңшу өлкөлөрдөн 1480 баш алып келинди. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 17 эсеге көп. Жаңы тукум импорту эт экспортун көбөйтүүгө жол ачып жатат.

ЕРЛАН КҮЛКЕЕВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН  ОРУН БАСАРЫ:

- Мунун аркасында эт экспорту өсүп жатат. Өткөн жылы биздин 495 тонна өндүрүшүбүз чек арадан чыккан. Жыл башынан бери 2200 тонна ар түрдүү эт өнүмүн экспорттодук.

Ата мекендик өндүрүштөгү эт өнүмү ар түрдүү өлкөлөргө экспорттолот. Тышкы рынокко чыгуусуна айыл чарба өнүмүн өндүрүүчүлөргө мамлекет колдоо көрсөтөт. Жергиликтүү ишканалардын натыйжасы ушуга далил.