Түркиянын Казакстандагы инвестициялык багыты

Түркиянын Казакстандагы инвестициялык багыты

Казакстан чет өлкөлүк инвесторлор үчүн тартымдуу. Ар түрдүү өлкөлөрдүн ишкерлери кызматташтыкты орнотууга кызыктар. Алардын катарында түрк ишкерлери да бар. Белгилей кетсек, акыркы жылдары Казакстан инвестициялык климатты көрүнүктүү жакшырткан. Ушул көрсөткүч боюнча өлкө бүгүнкү күнү Борбор Азия аймагында биринчи орунга ээ. Ушуга байланыштуу акыркы кездери көптөгөн тармактарда кеңири кулач жайып келе жаткан түрк бизнесинин кызыгуусун жаратууда. Ушуга кошо, Казакстанга инвестиция салуу аркылуу ЕАЭБ менен Кытай рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат.

МЕРТ САРЫ, ТҮРКИЯ-КАЗАКСТАН ИШКЕРДИК  КЕҢЕШИНИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Казакстан – Борбор Азиянын жаркыраган жылдызы. Көптөгөн тармактарда мүмкүнчүлүгү арбын өлкө. Айрыкча, мал жана айыл чарбачылыгы, химия жана тоо-кен өндүрүшү тармагында инвестиция салууга ыңгайлуу. 180 миллионго жакын коңшу өлкөлөрдүн рыногуна Казакстан аркылуу чыгууга болот. Түрк ишкерлери тоо-кен өндүрүшү тармагына инвестиция салуу үчүн кызуу иштерди жүргүзүп жатат.

Эки тараптын ортосунда ишенимдүү өнөктөштүк орногон. Көз карандысыздык жылдарында Түркия Казакстанга 3 миллиарддан ашуун доллар инвестиция багыттаса, өз кезегинде Казакстан Түркия экономикасына миллиард доллар салым жасаган.

ЕРЛАН ХАИРОВ, КР ИӨМ ИНВЕСТИЦИЯ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Түрк өлкөсүндөгү казак инвестицияларынын көлөмү 1 миллиард долларды түзүп жатат. Алардын басымдуу бөлүгүн кызмат тармагы, тигүү, машина куруу жана тоо-кен өндүрүшү түзөт. Өлкөбүздө азыркы тапта 1900дөн ашуун түрк ишканасы иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Түркия Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн ондугуна кирет. Расмий маалыматтарга таянсак, өткөн жылдын биринчи жарымында республикалардын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 678 миллион доллардан ашкан. Каржы салымдары да өсүп жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө түрк инвесторлору үчүн бардык тармактар кызыгууну жаратууда. Белгилеп айтсак, тоо-кен, металлургия, химия, жеңил жана агро өнөр жай, курулуш материалдарын өндүрүү очоктору биринчи орунда. Аны менен катар Түркия альтернативалык энергетика тармагындагы долбоорлорду колдоого кызыктар.