2018-жылы Казакстанда 7 жаңы жеңил өнөр жайы ачылган

2018-жылы Казакстанда 7 жаңы жеңил өнөр жайы ачылган

Казакстандын экономикасынын өсүшүнүн басымдуу бөлүгү ата мекендик жеңил өнөр жайынын үлүшүндө. Индикаторлордун өсүшү тигүү өнөр жайында, кийим өндүрүшүндө жана башка да тармактарда байкалат. Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө өлкөнүн жеңил өнөр жайы – бул миңдеген ишкана. Анын 95 пайызы чакан бизнеске тиешелүү. Жыл сайын бул тармактар өнүгүп келе жатат. Эгер 2018-жылы 7 жаңы ишкана ачылса, жакынкы арада дагы үч долбоор ишке ашырылат деп күтүлүүдө.

ДАРХАН КАРИБАЕВ, КР ИИӨМ МААЛЫМАТТЫК КАМСЫЗДОО ДЕПАРТАМЕНТИНИН СЕРЕПЧИСИ:

- Жеңил өнөр жайдын 3 долбоорун ишке кошуу мерчемделген. Алар килем өндүрүшү боюнча фабриканын үчүнчү мезгилин салуу, ошондой эле, чөптөрдү байлай турган жиптерди өндүрүү боюнча завод жана өрүм жип өндүрүшү. Бардыгы ТКО, Алматы облусу жана Чымкент шаарында ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жай очогу 90 миллиард теңге өлчөмүндө өнүм чыгарат. Аны менен катар, иштетүү өнөр жайы менен чийки зат эмес экспортту өнүктүрүүгө алдыдагы убакытта жарым триллион теңге бөлүү караштырылып жатат. Ушул багытта да олуттуу жумуштар колго алынган.

АЛИМЖАН ТОКТАСЫН, КР ИИӨМ ЭКСПОРТТУ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА АЛДЫГА ЖЫЛДЫРУУ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- 500 миллиарддын 470 миллиарды ушул биздин мекемелерге каржылоого жумшалат. 30 миллиард тейлөөлүк колдоого багытталат. Чет өлкөдө КР соода өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылат. Алар биздин мекемелерге экспортту чыгарган кезде кандай кыйынчылыктар жаралат, кандай  мамлекеттин техникалык лицензияларын алуу керек деген жана башка маалыматтарды берет.

Серепчилердин айтымында, өлкөдө кабыл алынган индустриялдаштыруу программасы тармакка чоң жардам болот. Программа колго алынгандан бери Казакстанда миңден ашуун ишкана ачылган. Өткөн жылы 100дөн ашуун өндүрүш жайы ишке кошулду. Өлкөдө чыгарылган 500дөн ашуун өндүрүш түрү 110 өлкөгө экспорттолот.