Костанайда чыгарылган автоунаалардын үлгүлөрү кеңейүүдө

Костанайда чыгарылган автоунаалардын үлгүлөрү кеңейүүдө

Костанайда чыгарылган автоунаалардын үлгүлөрү кеңейүүдө. Аймакта инвестициялардын эсебинен жыл сайын 30 миңге чейин унаа чогултуу мерчемделген. 2023 -жылга карата адистер бул көрсөткчтөрдү үч эсеге жогорулатууну көздөп жатышат. Учурда ата мекендик автозавод экспорттук ташуулардын көлөмүн көбөйтүүдө. Жакында эле алгачкы партия Белоруска жөнөтүлдү. Алдыда Кыргызстан менен Тажикстандын базарларына дагы ташуу мерчемделип жатат.

СЕРГЕЙ МОГИЛАТОВ, ТЕХНИКАЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Экспорттун чегин көбөйтүүнү мерчемдеп жатабыз. Буга карабастан биз Орусия Федерациясын   негизги экспорттук базар катары эсептейбиз. Чек арага чейинки аралык 170 чакырымды түзүп, ортодо ири шаарлар жайгашкан. Бул Челябинск жана  Екатеринбург шаарлары. Жалпысынан алып караганда Урал аймагынын калкынын саны бүтүндөй биздин республиканын калкына барабар экенин эске алуу керек.

Адистер белгилегендей, Костанай автозаводунун дарамети абдан жогору. Быйылкы жылы ишканада 20 миңден ашык транспорт каражаттарын чогултуп чыгаруу мерчемделүүдө. Мунун ичинен аз дегенде 30% экспортко кетет.