Индия Казакстан үчүн маанилүү базар

Индия Казакстан үчүн маанилүү базар

Индия Казакстандын сырткы саясатында маанилүү роль ойнойт. Мындай пикирди Эл аралык серепчилер билдиришти.  Адистер эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана  гуманитардык байланыштар жакшы жолго коюлганын айтышууда. 2018-жылы Казакстан менен Индиянын ортосундагы соода айлануунун көлөмү 1 миллиард доллардан ашкан. Токума өндүрүшү менен жаңы технологиялар алакалашуунун басымдуу багыттарына айланган. Казакстандын Ай-Ти адистери Индияга барып тажрыйба алмашып келишүүдө. Мындан тышкары энергетика тармагында дагы  эки мамлекет өз ара пайдалуу кызматташууну  жолго койгон.

БОЛАТ СӘРСЕНБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИНДИЯ ЖАНА ШРИ-ЛАНКАДАГЫ ТОЛУК ЖАНА  ЫЙГАРЫМ УКУКТУУ ЭЛЧИСИ:

 - Индия ири базарлардын бири болуп эсептелет.  Бул өлкөдө 1 миллиард 300 миллион адам жашайт.  Эки  жактуу соода айлануунун 80 пайызын биздин экспорт ээлөөдө. Жакында биз башка мамлекеттерден сатып алып келген өнүмдөрдү Индиядан алууну көздөп жатабыз.  Мисалы, дүйнөгө таанымал индия чайы, ар кандай татымалдар, мармар жана индияда чыгарылган түрдүү курал-жабдыктар алынып келинмекчи.