Казакстандагы инвестициялык тартымдуулук

Казакстандагы инвестициялык тартымдуулук

Инвестициялардын өсүүсү Казакстандагы экономикалык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп саналат. Өлкөдө  чет элдик капиталды тартууга өзгөчө көңүл бурулуп, иш бардык багытта жүргүзүлүүдө.  Казакстан ылдам модернизациялоо, инновацияларды киргизүү менен санариптешүүгө багыт алган. Өлкөдө жагымдуу инвестициялык климат орнотулуп, зарыл болгон  инфраструктурасы бар 11 атайын экономикалык жана 22 индустриалдык аймак иштөөдө. Белгилей кетсек, өткөн жылы чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү 18 пайызга жогорулаган.

АЙБОЛ АРГЫНГАЗИНОВ, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

 - 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын экономикасына салынган чет элдик инвестициялардын көлөмү 7,4 трлн теңгени түзгөн. Бул көрсөткүч 2018-жылы 20,3% өскөн. Ошондой эле Астана Эл аралык каржы борборунун ачылышы дагы буга өбөлгө түзөт деп эсептейбиз. Ал жакта жеке жана корпаративдик активдерди, салымдарды жана аманаттарды сактоого мүмкүн болот.

Инвесторлор үчүн жагымдуулугун өлкөнүн бардык аймагы көрсөтүүдө. Мисалы, Жамбыл облусунда жалпы наркы 80 миллиард теңгеден ашкан 124 долбоор ишке ашырылууда. Алардын көпчүлүгүнүн курулушу өткөн жылы аяктаган.

ЖАЙЫКБАЙ ШАЛДАРОВ, ОБЛУСТУК КУРУЛУШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

-  32 турак жайы менен инфратүзүмдүк объекттердин курулушуна 20 млрд теңге багытталган. Алардын ичинен 20 объекттин курулушу аяктап, тапшырылды. Бул иштерге 7,8 млрд теңге бөлүнүп,  7,1 млрды өздөштүрүлүүдө.

Адистер белгилегендей, көп жылдык динамикада чет мамлекеттердин Казакстанга болгон кызыгуусунун өсүшү даана байкалууда. Мындан тышкары өнөр-жайы менен соодага багытталган инвестициялардын көлөмүнүн өсүүсү тенденцияга айланууда. Бул жагдайды эске алуу менен  серепчилер  2022 - жылга карата экономиканын чийки заттык эмес тармагынын негизги капиталына түшкөн тышкы салымдардын көлөмү 50 пайызга чейин жогорулашы мүмкүндүгүн айтышууда.