Казакстан-Беларусь: Транспорт-логистика чөйрөсү

Казакстан-Беларусь: Транспорт-логистика чөйрөсү

Казакстан транспорт-логистика чөйрөсүндө Беларусь менен кызматташуунун чоң келечегин көрүп турат. Тараптар темир жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Экономисттер менен саясатчылар Казакстан Европа менен Кытайды бириктирген маршруттагы эң башкы оюнчулардын бирине айланып бара жатат деп эсептейт.  

ГЕОРГИЙ ГРИЦ, БИЗНЕС ЖАНА МЕНЕДЖМЕНТ ТЕХНОЛОГИЯСЫ ИНСТИТУТУНУН КАФЕДРА БАШЧЫСЫ, БМУ:

– Бул Казакстан бүгүн аймактык экономиканын борбору гана болбостон үлгү боло турган өлкө экенин айтып турат. Ушул кездеги дүйнө тартибинин татаал шарттарында жаңы алака түзүү оңой эмес. Казакстан Республикасынын географиялык шарты гана эмес, геосаясий жана жайгашуусу кандайдыр бир жаңы мамилелерди, жаңы экономикалык байланыштарды гана түзбөстөн, мурда болгон, азыр бар жана келечекте боло турган алакаларды да сактоону талап кылат.  

Казакстандын транзиттик-транспорттук мааниси – талашсыз факт. Казакстандын аймагы аркылуу 17 «өткөөл» маршруттар өтөт, бул миңдеген чакырым темир жолдору. Казакстан менен Беларусь жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүдө. Өлкөлөрдүн аймагы аркылуу Кытайдан Европага контейнерлер эң кыска мөөнөттө жеткирилет жана артка жөнөтүлөт.

ВЛАДИМИР УЛАХОВИЧ, БЕЛАРУСЬ СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

– Көлөмдү көбөйтүү, жеткирүү ылдамдыгын жогорулатуудан бир гана өндүрүүчүлөр гана эмес, ушул транспорттук-логистикалык колдоону камсыздаган компаниялар дагы утат. Андыктан алдыда эки тапшырма турат – бул биздин транспорттук инфратүзүм аркылуу өткөрүлө турган өнүмдү акыркы керектөөчүгө жеткирүүнү чыгашаларды жөнгө салуу жана ыраатташтыруу менен ылдамдатуу.  

Айта кетсек, Казакстан акыркы 10 жылда транспорт тармагын өнүктүрүүгө 30 миллиарддай доллар каражат жумшады. Эки миңден ашык чакырым темир жол курулду, 19 жарым миң чакырымдай автоунаа чоң жолдору реконструкция болду. Мындан ташкары, Каспийдин порттук кубаттуулугу жогорулатылды, ошондой эле, өлкөнүн башкы аэропорттору жаңыланды.