Казакстан жылды ички дүң өнүмдүн 4% өсүшү менен аяктады

Казакстан жылды ички дүң өнүмдүн 4% өсүшү менен аяктады

Казакстан жылды ички дүң өнүмдүн 4% өсүшү менен аяктады. Ошентип 2018-жылга карата экономикалык божомол акталганын серепчилер айтат. Өткөн жылдар сыяктуу эле кен өндүрүү сектору Казакстандын бюджетине эң көп киреше алып келди: серепчилер 2018-жылдагы экономикалык өсүштү эң биринчи Кашагандагы мунай өндүрүүнү жогорулатууга байланыштырышат. Бирок эң башкысы – чийки зат эмес тармакта дагы оң динамика байкалууда. 

СЕРГЕЙ ДОМНИН, СЕРЕПЧИ, ИМЭП ПРОГРАММАСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

– Мунай өткөн жылдары да өнүгүүнүн драйвери болгон, азыр да ошондой эле кала берди, бул мыйзам ченемдүү жана күтүлгөн көрүнүш. Калган чийки зат эмес секторлорду айтсак, ал жакта кен өндүрүүчү секторго салыштыра турган ар багыттагы орточо кыймыл, оң динамика бар. 4 менен 5 пайыз ортосундагы 4% өсүш жетиштүү жогорку өнүгүү.

Казакстандын экономикалык динамикасын чет өлкөлүк каржы институттары дагы оң баалышты. Азия өнүгүү банкы жыл соңунда Борбор Азия региону жана анын ичинде Казакстан тууралуу божомолун оң жагынан жаңылады. Азия өнүгүү банкы өндүрүштүн жана кайра иштетилген өнүмдүн өсүшүн белгиледи.

ДЖОВАННИ КАПАННЕЛЛИ, КАЗАКСТАНДАГЫ АӨБ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН ДИРЕКТОРУ:

– Биз региондогу өндүрүштүн өсүшүндөгү анча чоң эмес динамиканы байкадык, бул аймакта жана Казакстанда дагы экономиканы диверсификациялоо саясаты натыйжалуу иштей баштаганын билдирет. Азыр региондо Өзбекстан дагы мурдагыга караганда жигердүү позицияны ээлей баштады.

2018-жылдагы дагы бир маанилүү жетишкендик – «Астана» эл аралык каржы борборунун ачылышы. Ушул эле жылы анын базасында биржа ачылган. Казакстан Президенти сооданы баштоого жеке өзү катышты. Алгачкы эки күндө брокерлер 780 бүтүм жасашты. Болгону 4 айда дүйнөлүк каржы борборлор рейтингинде «Астана» алтымыш биринчи сапка жетти. Эки жылдан кийин ал алдыңкы 50 топко кирет деген күтүү бар. Кыска мөөнөттө каржы борбору ишенимдүү өнөктөштөрдү таап, дүйнөлүк каржы институттарынын колдоосуна жана таануусуна арзыды. Эске салсак, «Астана» эл аралык каржы борбору өлкөнүн гана эмес, жалпы региондун, андан соң евразиялык континенттин хабы болууга багытталган.