Казакстандык өндүрүштүн трансформаторлору алыскы чет өлкөлөргө экспорттоло баштайт

Казакстандык өндүрүштүн трансформаторлору алыскы чет өлкөлөргө экспорттоло баштайт

Казакстандык өндүрүштүн трансформаторлору алыскы чет өлкөлөргө экспорттоло баштайт. Бул Актауда электр коргоо жабдууларын өндүрүү боюнча жаңы заводду ишке киргизүү менен мүмкүн болду. Маңгыстау облусунун индустриалаштыруу картасына кирген долбоор инвестициялык компаниянын каражаты менен ишке ашырылды.

ОЛЖАС ЕСИРКЕПОВ, ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН БӨЛҮМҮНҮН ДИРЕКТОРУ:

– Инвестициянын көлөмү 2 миллиард тенгени түздү. Маңгыстау облусунун транспорт-логистика тармагын, ошондой эле, Казакстан-Түрмөнстан-Иран темир жолун, андан ары Актау менен Курык деңиз портун эске алуу менен биз заводду так ушул Маңгыстау облусунда курууну чечтик. 

Азыр ишканада 40 түрдөн ашык аталыштагы өнүм чыгарылат. Ал жылына 4 миңден ашык трансформаторлорду өндүрүүгө эсептелген, бул күнүнө 20 жабдууну түзөт. Инвестициялык компаниянын өкүлдөрү даяр өнүм облустун ички керектөөсүн толугу менен жабат деп ишендирүүдө. Долбоордук кубаттуулукка чыгууда жылдык жалпы көлөм алты миллиард тенгени түзөт. Айта кетсек, заводдогу жабдуулар толугу менен автоматташтырылган жана компьютерлердин жардамы аркылуу башкарылат.

ЖАНБОЛАТ ИЛЬМУХАМБЕТОВ, ЭЛЕКТРОМОНТАЖЕР:

– Биз европалык жабдууда иштейбиз. Бардыгы автоматташтырылган. Эмгек шарттары жакшы түзүлгөн. Биздин компания Маңгыстау аймагын транформаторлор менен камсыздайт.

Белгилей кетсек, заводдо чыгарылган транформаторлордун жарымы Түркмөнстан, Иран жана Азербайжанга экспорттолот.