Казакстандагы бизнес-климатты немис ишкерлери да жогору баалайт

Казакстандагы бизнес-климатты немис ишкерлери да жогору баалайт

Казакстан экономикалык өнүгүү жактан олуттуу ийгиликтерге жетишти. Акыркы жылдары республика ар кыл дүйнөлүк рейтингдердин башкы көрсөткүчтөрү боюнча оң динамиканы көрсөтүүдө. Серепчилер - бул өлкөдө бакубатчылык өсүп жатканын билдирерин белгилешет. Польшанын тышкы иштер министринин орун басары Бартош Чихоцкийдин айтымында, Казакстан – ишенимдүү жана туруктуу өнөктөш.   

БАРТОШ ЧИХОЦКИЙ, ПОЛЬШАНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

Казакстан – Польшанын эң негизги өнөктөштөрүнүн бири. Биз эки тараптуу кызматташуунун деңгээлине ыраазыбыз, бизде соода-экономикалык алака боюнча чоң дарамет бар. Биздин өнүккөн экономикабыз бар. Биз Орто Европада, ал эми Казакстан – Борбордук Азияда лидер. Бизди ошондой эле, тарыхый байланыштар бириктирет. Казакстанда 30 миң поляк жашайт жана аларга Казакстан бийлиги көрсөтүп жаткан колдоолорду биз билебиз. Мындан тышкары, Польшада көп сандаган казакстандыктар окуйт. Биздин алакалар стратегиялык жактан маанилүү жана ишенимдүү деп эсептейм.  

Казакстандагы бизнес-климатты немис ишкерлери да жогору баалайт. Алар инвесторлорду туруктуулук, ошондой эле, жеңилдик жана преференция түрүндөгү пайдалуу шарттар көп кызыктыраарын баса белгилешет. Берлиндик «Либералдык орто бизнес» бирикмесинин төрагасы Кристиан Гроссенин айтымында, бүгүнкү күнү Казакстанда 900 ашык немис ишканасы жигердүү иштеп жатат. Бул өлкөгө карата кызыгуунун өсүшүнөн аталган сан дагы көбөйүшү мүмкүн. 

КРИСТИАН ГРОССЕ, БЕРЛИНДИК «ЛИБЕРАЛДЫК ОРТО БИЗНЕС» БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

– Бүгүнкү күнү Казакстан ийгиликтүү, туруктуу жана чет өлкөлүк мыкты үйрөнүп, колдонууга киргизип жаткан экономикалык өнүккөн мамлекет. Эл аралык каржы борборунун ачылышы  Казакстандын эл аралык каржылык деңгээлге чыкканынын белгиси. Жалпысынан Германия үчүн Казакстан бир гана ири бизнес үчүн эмес, чакан жана орто бизнес үчүн да абдан кызыктуу. Сиздер билгендей, Германияда миңдеген чакан бизнес ишканалары иштейт, алардын көбү Казакстанда иштегиси келет. Германия медицина, дигитализация, жаңы технологиялар боюнча чоң тажрыйбага ээ. Биз ушул чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүшүбүз керек.