Казакстандык сафлор майы дүйнөлүк рыноктон өз ордун ээледи

Казакстандык сафлор майы дүйнөлүк рыноктон өз ордун ээледи

Казакстандын өнүмдөрүнө чет өлкөлөрдө суроо-талап көп. Мисалы, сафлор майы дүйнөлүк рыноктон өз ордун ээледи. Аталган товар Жамбыл облусунун Жуалын районунда өндүрүлөт. Ишкана биринчи партияны экспортко жөнөткөн. Атап айтканда, Кытай менен Бельгияга 1200 тонна таза сафлор жана 40 тонна май жеткирилди. Жалпысынан завод жылына беш миң тоннага чейин экологиялык таза өнүм чыгара алат. Жогорку сапаттуулугуна байланыштуу өнүмдүн аты дагы кеңири жайылууда. Келерки жылы заводдун өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатууну көздөп турушат.

ПЕРУЗА ОРТАЕВА, ИШКЕР:

– Ушул жылы биз 2 миң тонна сафлор жыйнадык. Эми сегиз жүз тоннадан май өндүрөбүз. Кытайга дагы 40 тонна май жөнөтүүнү пландап жатабыз.

Чет өлкө рынокторунда ата мекендик уй жана кой эти кеңири белгилүү. Батыш-Казакстан облусунун ишканалары буга чейин дээрлик 3 тонна этти экспортко жөнөткөн. Акыркы 4 жыл ичинде жалпы алганда 8 миң тонна уй эти жана 720 тонна кой эти тышка чыгарылган. Мал жана тоңдурулган түрдөгү эт Орусия, Армения, Иран жана Тажикстанга жеткирилип жатат. Ата мекендик өнүмдү сатып алууга Кытай тарап дагы кызыгып турат. Ошондуктан аймактын жетекчилиги мал бордоо аянттарынын санын көбөйтүүгө басым коюуда. Азыр этти жөнөтүү 11 объекттен жүзөгө ашырылууда.

НУРГУЛЬ МУКАНОВА, БАТЫШ-КАЗАКСТАН ОБЛУСУНУН АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАСМА СӨЗ КАТЧЫСЫ:

– Сырым районунда миң башка эсептелген мал бордоо аянты пайдаланууга берилди. Ал эми Зелёновск районунда 3 миңден 5 миңге чейинки мал семиртүүчү аянттарды куруу пландалып жатат. 2019-жылдын Чын куран айында Казтал районунда 5 миң башка ылайык мал бордой турган аянтты куруу пландалган.

Белгилей кетсек, 2021-жылга карата Казакстан айыл чарба өнүмдөрүн экспорттоону бир жарым миллиард долларга чейин көбөйтүүнү пландоодо.