Казакстан-Азербайжан: Товар жүгүртүүнүн өсүшү

Казакстан-Азербайжан: Товар жүгүртүүнүн өсүшү

Казакстан менен Азербайжан экономикалык алаканы олуттуу жогорулатты. Акыркы 11 айда эле өз ара товар жүгүртүү 192 миллион долларды түздү, бул 2017-жылга салыштырмалуу дээрлик 60% көп. Аны менен катар учурда Казакстан өз өнүмдөрүнүн бир нече түрүн экспорттоону дээрлик эки эсеге көбөйттү. Анын ичинде – айыл чарбасы да алдыда бара жатат.

РАШАД ГАСАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

- Казакстандан келген товарлар көбүнчө дан, чийки мунай, мунай өнүмдөрүн жана цинктелген болот жеткирүү боюнча өстү. Менимче эмдиги жылы эки мамлекет ортосундагы өз ара товар жүгүртүү дагы өсөт.

2018-жылы дан эгиндерин жеткирүү 2017-жылга салыштырмалуу 3 эсе өстү жана 220 миң тонна көлөмдү түздү. Мындан тышкары, Азербайжанда казакстандык күрүч жана жасмык жакшы сатылат.  

РАШАД ГАСАНОВ, ЭКОНОМИСТ:

– Ушул жылы жетишилген макулдашуулар боюнча айтсак, Азербайжан тарап айрым өнөр жайлык товарлар боюнча казакстандык рынокко катышуусун жигердетип жатат. Транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу Казакстанга дагы көп түрдүү товарларын Азербайжан рыногуна алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Азербайжан өз кезегинде Казакстан рыногуна жаңы мөмө-жемиштерди, шире, чай, жаңгак жана башка товарларды көбүрөөк жеткирүүнү көздөп турат. Белгилей кетсек, эки мамлекет өткөн жылы 2020-жылга карата товар жүгүртүүнү эки эсе күчөтүү максатын алдыга койгон. Бирок эки эсе өсүш белгиленген мөөнөттөн эрте жетишилерин сандар көрсөтүп жатат.