Казакстан-Сербия: Кызматташтыктын жаны баскычы

Казакстан-Сербия: Кызматташтыктын жаны баскычы

Жакынкы эки жылда Казакстан менен Сербия товар жүгүртүүнү алты эсеге көбөйтүүнү болжолдоодо. Бул айыл чарба чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу мүмкүн болот. Биринчи кезекте, эки мамлекет жашылча-жемиштер менен сооданы күчөтөт жана кайра иштетүүнү колго алат. Адистер жакында Казакстан менен Сербиянын соода текчелеринде биргелешкен өндүрүштөн чыккан кыям, шире жана таттуулар пайда болоорун айтышууда. Импорт, экспорт тизмесине башка жаңы товарлар дагы кошулушу мүмкүн.    

ЖИВОРАД ЯНКОВИЧ, ФИНАНСЫЛЫК ТАЛДООЧУ:

– Сербия Казакстандын чоң жана туруктуу рыногуна кызыктар, мындан тышкары, биз бул багытты Батыш Европага караганда бизге бир кыйла жагымдуу деп эсептейбиз. Казакстан зор дараметке ээ, анда биз кызыккандардын бардыгы бар. 

Белгилей кетсек, 2018-жылы Казакстан менен Сербиянын өз ара соодасы 60% өсүп, 42 миллион долларды түзгөн. Тараптар ушуну менен токтоп калууну ойлогон жок. Алдыда андан дагы көлөмдүү пландар турат. Анын үстүнө ага өбөлгө боло турган жагдайлар абдан жетиштүү.

ЖЕЛЬКО ЙЕВРИЧ, ЭКОНОМИСТ:

– Бардыгы туризм, соода, унаа тармагынан башталса болмок, бирок курулуштун келечеги кенен. Сербияда жана Казакстанда да биздин компаниялар иштеп жатат, мисалы, Тесла-парк турак жай комплексин биздин курулуш фирмалары куруп жатат, ал жакта биздин адамдар иштей турган көптөгөн соода-көңүл ачуу объекттери тургузулууда.

Мындан тышкары, эки мамлекет аскер өнөр жайы жаатында да кызматташууну өнүктүрүүнү пландап жатат. Расмий Белград Казакстандан ЕАЭБ рыногундагы бир нече товар түрүн бажы төлөмүсүз импорттоо каалоосун билдирди. Мындан тышкары, серб тарап атайын квота боюнча биздин өлкөгө 5 миң автоунаа жеткирүүнү көздөп турат.