Витамин кошулган унду өндүрүү

Витамин кошулган унду өндүрүү

Казакстанда витамин кошулган унду чыгаруу боюнча ата мекендик өндүрүш пайда болот. Учурда илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары пайдалуу заттар жана минералдар менен байытылган жогорку сапаттуу өнүмдү түзүүнүн үстүндө иштеп жатат. Белгилей кетсек, чет өлкөлөрдө казакстандык крахмал жана кургак сүт абдан жакшы бааланат. Ошондуктан адистер данды толук иштетүү өндүрүшүн келечектүү багыттардын бири катары эсептешет.

МАРЖАН КИЗАТОВА, УЛУК ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕР:

– Биз ата мекендик рынокко изилдөө жүргүздүк жана бизде мындай ун жоктугун билдик. Андыктан кант диабети жана инсулин жетишсиздиги менен жабыркаган адамдар үчүн атайын ун чыгаруу чечими кабыл алынды. 

Витаминдешкен унду жасмык, нокот, буурчак жана төө буурчактан алууга болот. Илимий кызматкер Маржан Кизатованын айтымында, алардын курамында белок абдан көп – ал организмдин бардык функцияларын камсыздоого жана булчуң массасын күчтөндүрүүгө керек.

ЖАНАР ЧАКАНОВА, ЛАБОРАТОРИЯ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Мында микронутриенттердин санын жогорулатуу жүрөт. Анан ундун өнүмдөрүнүн белоктук жана азыктык баалуулугу жогорулатылат. Атап айтканда, андан ары ошол өнүмдөрдөн химиялык курамы бир кыйла сапаттуу азыктарды алууга болот.   

Илимий иштер бир жыл мурда башталган. Бирок изилдөөлөр толук бүтө элек. Адистердин божомолу боюнча, изилдөө иштери дагы эки жылдай уланат. Эгерде өнүм бардык талаптарга жооп берсе адистер аны чыгара баштайт.