Казахстан менен Украинанын аграрчылары тыгыз кызматташат

Казахстан менен Украинанын аграрчылары тыгыз кызматташат

Казахстан менен Украинанын аграрчылары тыгыз кызматташат. Эки өлкөнүн агроөнөржай секторунун мамлекеттик жана жеке компаниялары космостук мониторинг технологиялар жаатында байланышты күчөтүүнү көздөп жатат. Адистердин айтымында, бул жердин абалын так көрүүгө шарт түзөт. Айта кетсек, айыл чарбасы Казакстан менен Украинанын экономикасынын эң башкы тармактарынын бири.

НАТАЛЬЯ КУССУЛЬ, КОСМОСТУК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН ПРОФЕССОРУ:

– Азыр Казакстанда спутник мониторинг технологиясын ишке киргизүү боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. Андан ары бизде казакстандык кесиптештерди заманбап технологияларга окутуу планы бар. Ушуга байланыштуу биз казакстандык спутниктерди эл аралык экспертиза жана спутник маалыматтарын иштетүү боюнча экспертиза маалыматтары менен толуктайбыз жана аны жасоого, тутум түзүүгө кесиптештерди үйрөтөбүз. 

Айыл чарба жерлерине космостук мониторинг айдоо аянтын жана жерлердин булганышын баалоону, жыйноо иштеринин мөөнөтүн көзөмөлдөөнү камтыйт. Адистер эң жаңы технологияны ландшафттык түзүмдү изилдеп үйрөнүүгө кеңири колдонууну көздөп жатышат. 

ЮРИЙ ПЕКУН, КМШ АГРОБИЗНЕСИН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА СЕРЕПЧИ:

– Казакстанда лиман деп аталган суу көлчөлөрү бар, кээде айдоо аянттары менен талаа чектери өзгөрүп кетет, анткени кар жаайт, кетет. Анан талаада суу калганын же жоктугун  кароо үчүн биздин маалыматтарды пайдаланып көрүүгө болот. Талаага техника чыгаруучу убакыт келгенин карап көрө алабыз. Биздин ар түрдүүлүк картасы мына ушундай маалыматтарды тактап көрүү үчүн сунушталат.     

Белгилей кетсек, Казакстан менен Украина айыл чарба техникаларын куруу, мал чарбасы, дыйканчылык жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар.