«Астана» эл аралык каржы борбору Кытай тажрыйбасын үйрөнүүдө

«Астана» эл аралык каржы борбору Кытай тажрыйбасын үйрөнүүдө

 

«Астана» эл аралык каржы борбору Кытайдын тажрыйбасын үйрөнүүдө. Казакстан өзгөчө каржылык технология, жашыл каржыны өнүктүрүү жана урбанизация чөйрөсүндө кызматташууга кызыктар. Иш башкаруучу Кайрат Келимбетовдун айтымында, каржы борбору менен Пекин, Шанхай жана Ханчжоунун ири компаниялары ортосунда биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуу жетишилген. Айта кетсек, кийинки жылы эл аралык каржы борбору региондогу эң ири эл аралык институт – Инфратүзүмдүк инвестициялар Азия банкы менен иштешет.  

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, «АСТАНА» ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ БОРБОРУНУН ИШ БАШКАРУУЧУСУ:

– Кытай жаңы каржылык технологиялар алкагында чындап эле алдыга кеткен. Биз санариптик технологиялар алкагындагы жетишкендиктер тууралуу билебиз. Бүгүн биз өнүгүү жана электрондук коммерция алкагында белгилүү технологияларды пайдалануу үчүн бир катар компания менен кызматташабыз.