Экспорттук дараметтин өсүшүк

Экспорттук дараметтин өсүшүк

Экологиялык таза жана жогорку сапаттуу. Казакстандык өнүм Орусияда жогору бааланат. Өсүп бара жаткан суроо-талап ата мекендик ишканаларды экспортко багытталган өндүрүштүн көлөмүн жогорулатууга түрткү берүүдө. Сүт өндүрүү чөйрөсүнүн алдыңкы сабында – Жамбыл облусунун Жуалын районунун сыр заводу бар. Мында өндүрүлгөн бардык сүт азыктарынын чейрек бөлүгү коңшу Орусияга жеткирилет. Өнүмдүн жогорку сапаты сүттү ультра пастерлөө жолу менен жетишилет. Анын үстүнө жаңы технология баалуу касиеттерин сактоого жана кооптуу бактериялардан тазалоого шарт түзөт.  

ЕЛДОС АУЕСХАН, ОПЕРАТОР:

– Сепаратордо майлуулук текшерилет. Андан соң сыр атайын туздалган ваннага жөнөтүлөт. Мындай ваннада сыр эки суткадан кем эмес жатышы керек. Эгерде эки суткадан эрте чыгарылса андай сыр тез бузулуп кетет. Андан соң өнүм вакуумдук таңгакка салынат жана өндүрүшчүнүн мөөрү басылат.

Ишканада мындан 4 жыл мурда толук реконструкция жүргүзүлгөн, бул өндүрүш көлөмүн олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бүгүнкү күнү завод суткасына 100 тонна сүт иштете алат. 2018-жылдын башынан бери карай 820 тонна сырдын беш түрү, 140 тонна ак май жана 4 миң литр сүт өндүрүлгөн.

АБДИБЕК ПОШКАЕВ, СЫРЗАВОДДУН ДИРЕКТОРУ:                                                                 

– 2019-жылга план түзүлдү. Өндүрүмдүүлүктү дагы 25-30 пайызга жогорулаткыбыз келет. Анын ичинде – экспортту 40 пайызга көбөйтүү каралган. Калган өнүм ички рынокко жөнөтүлөт. Акыркы жылдары заводду жаңылоону жигердүү жүргүзүп жатабыз. 2018-жылы 120 миллион теңгеге жабдууларды алып келдик. 

Жуалын районунан 2 ишкана өнүм экспорттойт. Алар Орусия, Кытай жана Бельгия менен кызматташып жатат. Чет өлкөлөргө 350 миллион теңгелик даяр товарларды жөнөтүштү.