Казакстандык автопром өндүрүш көлөмү өскөнүн көрсөтүүдө

Казакстандык автопром өндүрүш көлөмү өскөнүн көрсөтүүдө

Казакстандык автопром өндүрүш көлөмүн көбөйтүүдө. 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө жалпы 185 миллиард тенгелик 29 миңден ашык транспорт каражаттары чыгарылган. Алардын арасында – жеңил жана жүк ташуучу автоунаа, автобустар, атайын унаалар жана чиркегичтер бар. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө карата өсүш 72 пайызды түздү. Жыл башынан костанайлык заводдун конвейеринен эле тогуз миңден ашык унаа чыгарылган. Көлөм моделдик катарды кеңейтүү жана жаңы автоунаа өнүмдөрүн чыгара баштоонун эсебинен көбөйтүлдү. Буга заманбап технологияны жана жабдууларды колдонуу дагы таасирин тийгизди.

ОЛЕГ КОМИССАРОВ, МАЙДА БӨЛҮКТӨРДҮ ЧОГУЛТУУ ЦЕХИНИН БАШЧЫСЫ:

- Дагы бир кошумча асма конвейерди ишке киргиздик, бул бизге рамасыз моделдерди – монококторду жыйноого шарт түздү, азыр биз ошолорду өндүрөбүз. Бул негизги өнүм. Линия бир кыйла көп кырдуу болуп калды. Анын кубаттуулугу саатына 6 автоунаага чейин куроого мүмкүндүк берет.  

Ишкананын өндүрүш тилкеси жана автоунаалар альтернативдүү отун менен иштешет. Буга чейин эле Казакстандын бир нече шаарларына газ менен иштеген коомдук унаалардын алгачкы партиясы жөнөтүлгөн.

СЕРГЕЙ МОГИЛАТОВ, АВТОЗАВОД ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз облус борборлору так ушул отун түрүнө кызыгып жатканын көрдүк. Актөбеге газ менен иштеген 70 автобус жөнөттүк. Мындан тышкары, буга чейин эле Актауда 5 автобус аэропорт менен шаардын ортосунда жүргүнчү ташый баштаган. 

Өндүрүштүн көлөмүн мындан ары жогорулатуу, казакстандык автоөндүрүшкө дүйнөлүк рыноктон өз ордун ээлөөгө шарт түзөөрүн серепчилер белгилейт. Бүгүнкү күнү ата мекендик техникага Тажикстанда жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө суроо талап бар. Тышкы рынокко 2018-жылы 840 миллион тенгелик автоунаа жөнөтүлдү. Ошентип экспорттук көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсе өстү.