Казакстан-Франция: Кызматташтыкты күчөтүү

Казакстан-Франция: Кызматташтыкты күчөтүү

Жарым миллиард евро. Быйыл франциялык компаниялар казакстандык экономикага ушунча каражат инвестиция салышты. Белгилей кетсек, Бешинчи республика Казакстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Тараптар айыл-чарюа, санариптик технология жана альтернативдүү энергетика сыяктуу маанилүү тармактарда  мындан ары да кызматташууга даяр. Бул тууралуу франциялык Ренн шаарындагы бизнес-жолугушууда сөз болду.

ВЕНСАН ШАМАРЕ, БРЕТАНИ ЭЛ АРАЛЫК СООДА БОРБОРУНУН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ:

– Биз силердин өлкөдөгү кырдаалга талдоо жасап, бизге агроөнөржай жаатында кызматташуу кызыктуу болорун түшүндүк. Бретань – айыл чарбасы өнүккөн регион. Мал чарбасы, генетика, ушул тармактагы бардык логистика, кесипкөй азык түлүк өндүрүшү боюнча мыкты тажрыйбасы бар.

Жекече жолугушуулардан кийин француздук 10 компаниянын өкүлдөрү – Казакстанда бизнес жүргүзүүгө кызыктар экендигин билдиришти. Анын ичинде, аларды ойлонулган шарттар да кызыктырат.

ЖАН ГАЛИЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ФРАНЦИЯДАГЫ ӨКҮЛҮ:

– Француздук компаниялар угуу үчүн эле келбестен, Казакстанга инвестиция алып барууга даярдыгын да билдиришти, алар бизге жаңы технологияларды берүүгө, кызматташуунун бардык баскычтарында бизди коштоого даяр. Бул абдан маанилүү. Бүгүнкү күнү биздин стратегиялык кызматташууда жаңы барак ачылууда жана биздин тапшырма – аны контент менен толтуруу, олуттуу өнөктөштөрдү табуу.

Регион деңгээлинде өнөктөштөрдү табуу жеңил, ошондуктан эмдиги жылы Бретань борбору Ренн шаарында айыл чарбасына жана агробизнестин жаңы технологияларына арналган бизнес-форум өткөрүү чечими кабыл алынды. Француз өндүрүшчүлөрү өз кезегинде форумдан кийин ата мекендик компаниялар менен жакындан таанышууга жана кызматташтыктын тажрыйбалык фазасына киришүү үчүн Казакстанга келүүнү болжоп жатышат.