Казакстандык өнүм – Кытай рыногунда

Казакстандык өнүм – Кытай рыногунда

Казакстандык ишканалар Кытайга өнүм экспорттоону көбөйтүүдө. Асман өлкөсүндө этке жана эт азыктарына суроо-талап абдан чоң. Учурда карагандылык малчылар кой этинин экинчи тобун жөнөтүүгө даярдап жатышат. Мурда темир жол аркылуу КЭРге 20 миллиондон ашык тенгеге бааланган 20 тонна эт жеткирилген. Эми келишимдин шарттарына ылайык, Караганды облусу жыл соңуна чейин Кытайга 40 миң кой жөнөтүшү керек. Ата мекендик эт иштетүүчү ишканадан билдиришкендей, евростандарттарды сактоо жана өнүмдү өнөр жайлык масштабда экспортко жөнөтүү мүмкүнчүлүгү кытай тараптын негизги талаптарына жооп берет.

БАУЫРЖАН БАКШИЛОВ, РК АЙЫЛ ЧАРБА ӨНҮМДӨРҮН ЭКСПОРТТООЧУЛАР БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

– Кытай рыногунда Жаңы Зеландия, Австралиянын чоң компаниялары көптөн бери иштеп жатканына карабастан, биз казакстандык өнүм ал рыноктон өз ордун табат деген ойдобуз.

Белгилей кетсек, казакстандык өндүрүүчүлөр тоңдурулган кой этин тышкы рынокко экспортко чыгарууну төрт эсе көбөйттү. Эгерде биздин өлкөдөн 2016-жылы жалпы 190 тонна эт жөнөтүлсө, ал 2017-жылы 900 тоннага жеткен.    

Атай кетсек, Кытайда казакстандык бал дагы абдан белгилүү. 35 миллиондон ашык калкы бар Шэньси провинциясынын ишкерлери Казакстандан бал аарылардын алгачкы бөлүгүн сатып алышты. Белгилей кетсек, Казакстан жылына 10 миң тонна бал өндүрөт. Келечекте анын көлөмүн 7 эсеге көбөйтүү максаты бар.

ХЭ ЧЭН, ШЭНЬСИ ПРОВИНЦИЯСЫНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ РАСМИЙ ӨКҮЛҮ:

– Казакстан табигый байлыктарга гана эмес, нукура азыктарга да бай келет. Кытай болсо сиздердин товарларды өз рыногуна импорттоого кызыктар. Мисалы, нукура казакстандык балдын даамы эң сонун жана биздин рынокто ага суроо-талап көп. Сиздердин  балды биз жакка жеткирүүнү жөнгө салуу үчүн 2-3 жыл керек болду.

Казакстан жакынкы 2 жылда Кытайга 20 ашык түрдүү айыл чарба өнүмдөрүн экспорттойт. Бул бир гана эт эмес, алар рапс, сафлор, гречиха, буурчак, нокот, кунжут, жашылча-жемиштин бир нече түрү, жаңгак, мисте жана башкалар.