Казакстан менен Ирандын кызматташтыгы жана ишкер алака

Казакстан менен Ирандын кызматташтыгы жана ишкер алака

Казакстан менен Ирандын өз ара мамилеси өнүгүүсүн улантууда. Серепчилер белгилегендей, эки мамлекеттин алакасы туруктуу мүнөзгө ээ болуп калды, бардык суроолор боюнча өз ара түшүнүшүү бар. Өзгөчө басым соода-экономикалык чөйрөдөгү өнөктөштүктү чыңдоого жасалган. Ошону менен катар бирге аракеттене турган бир нече артыкчылыктуу багыттар аныкталган. Анын ичинде, транзиттик-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жана өнүктүрүү, айыл чарба жана өнөр жай тармактарында кызматташуу бар. Каржылык талдоочулардын маалыматы боюнча, Казакстан акыркы 6 айда Иран рыногунан 112 миллион доллар иштеп тапкан. Салыштыруу үчүн айтсак, Астана жалпы 2017-жылы Тегеранга 170 миллион долларга экспорт жөнөткөн. Бул сумманын басымдуу бөлүгүн өсүмдүк майын жана кайра иштетүү өнүмдөрүн, ошондой эле, чанактуу жана тоют өсүмдүктөрүн жеткирүү түздү.   

АМИР АБЕДИ, ИРАН-КАЗАКСТАН БИРГЕЛЕШКЕН СООДА ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

– Акыркы жылдары Казакстан-Иран кызматташтыгында кескин жогорулоо болду жана азырынча алдыга умтулуунун үстүндө гана болуп жатат. Эки мамлекеттин кызматташуу деңгээли тууралуу президент Нурсултан Назарбаевдин жакында Тегеранга болгон сапары да айтып турат. Анын үстүнө Иран дагы өз салымын кошууда. Учурда Казакстанда ирандык инвесторлордун катышуусунда көп долбоорлор иштеп жатат.

Адистер Иран менен ЕАЭБ ортосунда эркин соода зонасын түзүү жөнүндөгү макулдашуу экспорт көлөмүн жогорулатууга шарт түзөт дешет. Учурда Иран рыногунун көлөмү 8 миллиард доллардан ашат. ЕАЭБ менен макулдашуу Казакстанга экспортту 30 эсе күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Астана ЕАЭБ алкагында биринчи кезекте Иран рыногуна кондитер азыктарын, эт, буурчак, ошондой эле, конденсатор, аккумулятор жана арматура өнүмдөрүн жөнөтөт.