Казакстан менен Беларусь кызматташтыгы

Казакстан менен Беларусь кызматташтыгы

Казакстан менен Беларусь тышкы соода жүгүртүүнү көбөйтүүнү көздөөдө. Эмдиги жылы эки өлкө анын көлөмүн бир миллиард долларга жеткирүүнү максат кылып турат. Казакстандын Беларустагы элчиси Ермухамет Ертысбаевдин айтымында, тараптар машина куруу, металлургия, фармацевтика, химия жана тамак-аш өндүрүшү сыяктуу тармактарда тыгыз кызматташып жатат. Өткөн жылы эле эки мамлекет ортосундагы тышкы соода жүгүртүү дээрлик 65 % өскөн.

ЕРМУХАМЕТ ЕРТЫСБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН БЕЛАРУСТАГЫ ЭЛЧИСИ:

– Өкмөт аралык комиссияда абдан маанилүү чечим кабыл алынган. 60 чакты өнүм түрү – импортту алмаштыруу негизинде казакстандыктар үчүн беларустар өз рыногун ачууну убада кылышты. Минскте казак маданиятынын күндөрүн өткөрүү Президенттин тапшырмасы болгон. Ал иш-чара зор ийгилик менен өттү. Тлендиев атындагы Мамлекеттик симфониялык жана фольклордук-этнографиялык оркестр мында ийгиликтүү концерт койду. Беларустарда казак маданиятына жана жалпы эле Казакстанга чындап зор кызыгуу пайда болду.  

Казакстан менен Беларусь өнөр жай кооперациясында, транспорттук-логистикалык сектордо, агроөнөржай комплексинде жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ.

АНДРЕЙ ЕВДОЧЕНКО, БЕЛАРУСЬ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

– Жакында эле биз казакстандык өнөктөштөр менен бирге биздин экономикалык кызматташуубузда артыкчылыктуу мааниге ээ болгон долбоорлорду аныктадык. Биз өнөр жайлык кооперацияга, айыл чарбалык кооперацияга, биздин IT индустрияны өнүктүрүүгө өтөбүз. 

Учурда Казакстанда 260 беларустук ишкана иштеп жатат. Казакстан менен Беларусь аркылуу өткөн Кытай менен Европанын ортосундагы транзиттик жүк ташуулардын көлөмү акыркы алты жылда 100 эсе өскөнү кубантаарлык көрүнүш. Келечекте эки өлкө экономикалык кызматташууну күчөтүүнү максат кылууда.