Казакстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө

Казакстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө

Казакстан менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүүдө. Казакстан Челябинск облусу менен импорт-экспорт түзүлүшүндө өз үлүшүн 40 пайызга чейин жогорулатты. Белгилей кетсек, Казакстан бул көрсөткүч менен коңшу Кытайдан ашып түштү. Жалпысынан 9 айдын жыйынтыгы боюнча Орусия Федерациясынын чек аралаш аймагы менен товар жүгүртүү көлөмү 1,5 миллиард долларга жетти. Негизинен ал минералдык өнүмдөр менен андан жасалган товарларга тиешелүү. Аны менен катар, эки өлкөнүн ортосунда айыл чарба өнүмдөрү жана суусундуктарга болгон суроо-талап жогору. Серепчилердин пикири боюнча, Челябинск облусу менен Казакстандын жылдык  соода динамикасы өсүп жатат. Статистикага таянсак, өткөн жыл менен салыштырганда бул 6-7 пайызга көп. Белгилей кетсек, 2017-жылкы товар жүгүртүү болжол менен 2 миллиард долларга жеткен.

ДМИТРИЙ ГЛУХАРЕВ, ЧЕЛЯБИНСК ОБЛУСУНУН ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИНИН ӨКҮЛҮ:

- Иш жүзүндө экспорттук, импорттук товар жүгүртүү түзүлүшү бирдей деп айтууга болот. Биз Казакстандан бир топ чийки затты жеткиребиз. Мисалы, 2017-жылдын аягына карай Казакстандан импорт экспорт көлөмүнөн ашып түштү. Башкача айтканда, биз Казакстандан болушунча көп нерсени жеткиребиз.