Костанай обулусу Кытайга унду экспорттойт

Костанай обулусу Кытайга унду экспорттойт

Борбор Азияда теңдеши жок тегирмен Костанай облусунда жайгашкан. Өндүрүш жайы эң мыкты жабдыктар менен жабдылып, автоматташтырылган. Тегирмендин өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 155 миң тонна ун чыгарууга жетиштүү. Ишкана Өзбекстан, Тажикстан, Ооганстан, Кыргызстан менен Азербайжан өлкөлөрүнө экспорт кылат. Эми аны менен чектелбей, Кытай өлкөсүнүн рыногун өздөштүрүүнү көздөөдө.

ОЛЕГ КУРТВАПОВ, ИШКАНАНЫН КОММЕРЦИЯЛЫК МҮДҮРҮ:

- Бул уникалдуу. Тегирмендин Казакстанда, Орусияда, керек болсо Борбор Азияда, комплекстин долбоордук нускасы жасалган Түркия өлкөсүндө альтернативасы жок.

ВИДАДИЙ ЮСУПОВ, ТЕГИРМЕН КОМПЛЕКСИНИН МҮДҮРҮ:

- Биз Кытай рыногуна жол ачтык. Азыр контейнерлерге алгачкы жүктөрдү жүктөдүк. Алдыдагы убакытта Кытайга алгачкы 20 миң тонна өнүм жөнөтөбүз.

Ишканадагы даяр өнүмдү оруудан баштап бүткүл өндүрүш цикли автоматташтырылган. Технологиялык жараянды санариптештирүү дүйнөнүн ар бир жеринен өнүмдү башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Сизге интернет желеси гана керек. Мисалы, ундун өнүмдүүлүгү менен иштетилген дандын көлөмүн онлайн системада көрө аласыз.

ТИМУР МУКАШЕВ, ИШКАНАНЫН ӨНДҮРҮШТҮК ЦЕХИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Жаңы жана заманбап автоматташтырылган технологиялардын аркасында ундун түрлөрүн: кондитердик, макарон өнүмдөрүнө арналган түрлөрүн чыгарууга жөндөмдүүбүз.

Казакстандагы эң ири тегирмен комплекси чет өлкөлүк капиталдын катышуусу менен ишке кошулган. Долбоорду ишке ашырууга 5 миллиард теңге каржы салынган.

НИХАТ ЖАН, ИНВЕСТОР / ТҮРКИЯ:

- Бизге Казакстандагы ушундай ишканалардын курулушуна инвестиция салуу эффективдүү. Өлкөдө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бизге жер бөлүндү, инфраструктура менен камсыз кылып жатат. Ошондой эле, салыктын жарымын төлөйбүз. Банктан алган насыя пайызынын жарымын мамлекет төлөйт.

Костанай облусунда жылына 1 миллион тоннадан ашуун ун чыгарылат. Бүгүнкү күндө жогорку технологиялык тегирмен комплекси көлөмүн 16 пайызга өстүрүп жатат.