Улуу Жибек жолун жаңырткан долбоор

Улуу Жибек жолун жаңырткан долбоор

«Батыш Европа - Батыш Кытай» Чыгыш менен Батышты байланыштырган 40 күндүк деңиз жолду 4 эсеге кыскартты. Авто коридордун жалпы узундугу 8 миң 445 чакырым болот. Анын 2 миң 787 чакырымы Казакстандын 5 аймагын бойлой өтөт. Бул долбоор аркылуу өлкө экономикасына түшө турган жылдык орточо киреше 200 миллиард теңгенин тегерегинде. Жолдун курулушуна Казакстан, Түштүк Корея жана Түркиялык компаниялар катышты. Мисалы, Жамбыл облусундагы 495 чакырымдык тилкеде ата мекендик материалдарды пайдаланып, заманбап стандарттар боюнча 22 көпүрө, 11 жол тилкеси жана 15 жол өтмөгү салынат.

АБДРАХМАН ДАУБАЕВ, «ЖАМБЫЛ ЖОЛ ЛАБОРАТОРИЯ» РМК ИЗИЛДӨӨЧҮСҮ:

- Аталган жол эл аралык стандартка ылайык келет. Күлбото-бетондук төшөлмөнүн калыңдыгы 25 сантиметрди түзөт. Ал эми анын шагыл-бетондук аралашмасынын калыңдыгы 18 сантиметр. Бир окко болгон жүктөмө 13 тоннага барабар.

Жаңыртылган жаңы магистраль жаңы демилгелерге жол ачты. Алысты жакындатып, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууда.

АМИТЖАН АБДИРАХМАН УУЛУ, АЙДООЧУ:

- «Батыш Европа – Батыш Кытай» жолу менен Москвадан келе жатабыз. Казакстан менен Орусянын ортосунда жашылча ташуу менен алектенем.

ГАБИТ ОРАЗОВ, АЛМАТЫ ОБЛУСУ БОЮНЧА МКД БАЖЫЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨНҮ УЮШТУРУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кытайдан алып келинген транзиттик товарларга тиешелүү жол-жоболоштуруулар жүргүзүлдү. Декларациялардын жалпы саны 261 миң 502 түзүп жатат. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 20 пайызга көп. Транзиттик мүмкүнчүлүк, транзиттик ташуулардын баары жигердүү өнүгүүнү көрсөтүүдө. «Улут мерчеминин» 65-кадамында көздөлгөн мультимодалдык  унаа коридорун өнүктүрүү багытында таасирин тийгизип жатат.

«Батыш Европа - Батыш Кытай» автокоридорунун боюнда жаңыдан ишканалар курулуп, курулуш материалынын өндүрүшү жанданды. 2020-жылга карай ушул магистралда жыл сайын 30 миллион тоннадан ашуун жүк ташылат. Өнүккөн инфраструктура жана сапаттуу жолдор автотуристтердин санын көбөйтөт.